Президент Садыр Жапаров Президент Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Худжанд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Тараптар жетишилген макулдашуулар кыргыз-тажик мамилелеринин жаңы этабын белгилеп, туруктуу тынчтык, экономикалык өнүгүү жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулукту чыңдоо үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө ишеним билдиришти.