Президент Садыр Жапаров Кытай Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда, Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Пекин шаарында КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян менен жолугушту.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки жана көп тараптуу кеңири чөйрөдөгү кызматташтык маселелери талкууланды.

КЭР Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян Президент Садыр Жапаровду кубаттап, Сиань шаарында өткөн «Борбор Азия – Кытай» мамлекет башчыларынын биринчи саммити ийгиликтүү жыйынтыкталганын белгиледи.

Ал Сиань декларациясында Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы планы, кызматташтыкты тереңдетүүнүн жаңы багыты аныкталганын баса белгиледи.

Ли Цян эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусуна, анын жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларациясына кол коюлгандыгына өзүнчө токтолду. Ошентип, эки тараптуу мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Ал эки лидердин жетекчилиги астында натыйжа берген кыргыз-кытай көп кырдуу стратегиялык кызматташтыгы түзүлөт деген бекем ишенимин билдирди.

«Биз кыргызстандык досторубуз менен эки өлкөнүн ортосунда жетишилген маанилүү келишимдерди ишке ашырууга даярбыз. Кытай ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп кала берет”, – деп ишендирди Ли Цян.

Мындан тышкары, ал кытай тараптын Кыргызстан эли тандап алган өнүгүү жолун туруктуу колдой турганын, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Ли Цян эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын оң динамикасын канааттануу менен белгиледи. Анын айтымында, зор рынокко ээ болгон Кытай Кыргызстан үчүн ачык. Ошого байланыштуу Кыргызстандан жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Ошону менен бирге Кытай аймактарды өнүктүрүү, өткөрүү пункттарындагы инфратүзүмдү жакшыртуу жаатында, шамал энергетикасы менен гидроэнергетика жана башка өз ара пайдалуу долбоорлор боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү колдой турганын кошумчалады.

Ошондой эле Мамкеңештин Премьери “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Туризм тармагындагы кызматташууга токтолуп, Кыргызстан Кытайдын туристтери тарабынан барууга сунушталган өлкөлөрдүн тизмесине киргендигин өзгөчө белгиледи.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Ли Цянды ушул жылдын март айында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери болуп шайланышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Президент бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгиледи.

«Кечээ Сиань шаарында Кытай Эл Республикасынын урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырза менен абдан жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Кыргыз-кытай мамилелеринин кеңири чөйрөдөгү маселелери боюнча ачык-айкын ишенимдүү пикир алышуу болду. Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, коопсуздукту камсыздоо жаатында, ошондой эле эл аралык аренада өз ара аракеттенүү боюнча мамилелерибизди мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилди. Кыргыз-кытай мамилелери жаңы сапаттык деңгээлге – баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө көтөрүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү. Эки өлкө ортосунда кандайдыр бир саясий пикир келишпестиктер, же чечилбеген маселелер жок. Биз эки мамлекеттин ар бири үчүн актуалдуу, өтө маанилүү маселелерде бири-бирибизге колдоо көрсөтүп келебиз”, – деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров “Борбор Азия – Кытай” форматынын алкагындагы мындай өз ара аракеттенүүнүн жаңы механизми Шанхай кызматташтык уюму сыяктуу бир катар эл аралык жана аймактык уюмдарда, форумдарда жана диалог аянтчаларында өзүнүн татыктуу ордун ээлейт деген ишенимин билдирди.

“Саясий ишенимдин жогорку деңгээли Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет. Биз Кытайды негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары эсептейбиз жана соода алакаларын өнүктүрүүгө, эки тараптын кызыкчылыгын эске алган биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Өз ара сооданын өсүү динамикасын, кытай тараптын Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүн канааттануу менен белгилейм», – деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Президент кыргыз тарап Кытайдын мамлекеттик жана жеке ишканаларын, инвесторлорун Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө, биргелешкен экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга чакырарын, кубаттаарын айтты.

«Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай биргелешкен ири жана маанилүү долбоор болуп “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу саналат. Бул темир жолдун курулушу Кытай Эл Республикасынын урматтуу Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын “Бир алкак – бир жол” демилгесин турмушка ашырууда биздин өлкөлөрдүн кошкон салымы болуп саналат», – деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле Президент өз ара соода деңгээлин жогорулатууда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иши маанилүү роль ойноорун белгиледи. Кыргыз тарап алардын ишмердигин оптималдаштыруу үчүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттарынын ишин жети күндүк график менен күнү-түнү иштөөгө өткөрүүнү сунуштоодо.

Ошону менен бирге Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай менен электрондук коммерция жана санарип каржылык технологияларды киргизүү долбоорлору боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурду.

Соңунда Садыр Жапаров Ли Цянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышууга чакырды.

Связанный пост