Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты адамдын өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө болуп саналат, бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт.
Алсак, ушул мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексин электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченем менен толуктоо сунушталат (2091-берене).
Ошол эле учурда “электрондук төлөм каражаттары” деген түшүнүк аныкталат.