Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы эл аралык аэропортту ачты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Каракол шаарындагы эл аралык аэропорттун ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысынын ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Каракол шаарынын ардактуу тургундары жана кадырлуу меймандары!
Бүгүн биз дагы бир тарыхый күндүн күбөсү болуп турабыз десем жаңылышпайм. Анткени, баарыңыздарга белгилүү болгондой, Союз таркагандан бери бир топ аэропорттор ар кандай себептер менен ишин токтотуп, ички каттамдар үзгүлтүккө учураган бойдон турган.
Үстүбүздөгү жылдын май айында “Талас” аэропортунун ачылышына баарыңыздар күбө болгонсуздар.
Иштебей турган Каракол аэропорту мына бүгүн кайра калыбына келип, ишин жандантып турат. Саатына 250 жүргүнчү өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Каракол – Кыргызстандын кышкы туризминин борбору десек болот. Каракол шаарынын тоо лыжа базасына не бир түркүн өлкөлөрдөн туристтер келип, биздин жаратылышка суктанып кетишет.
“Каракол” эл аралык аэропортунун ишке киргизилиши – Кыргызстандын аймактык байланыштарын чыңдоо, туризмди өнүктүрүү жана эл аралык айдыңда Кыргызстандын ордун бекемдөө багытындагы маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.
Урматтуу мекендештер!
Аэропорт – бул ар бир өлкөнүн аба дарбазасы. Ошондуктан аэропортторубуздун жанданып, иштей баштаганы – бул өлкөбүзгө келем деген меймандарга аба дарбазасын кеңири ачып, кучак жайып тосуп алууга даяр экендигинин белгиси. Ошондой эле бул – мамлекеттин мындан аркы өнүгүүсүн шарттап, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турган маанилүү окуя.
Жаңы Кыргызстанды куруу жолундагы биздин максатыбыз – аба транспорт тармагын өнүктүрүү, республиканын алыскы аймактарынын аба каттамдарын жандандыруу, эл-журтубуздун карым-катышына альтернативдүү жол катары ыңгайлуу шарттарды түзүү жана туризмди өнүктүрүү багытындагы эл аралык каттамдарды ачуу болуп саналат.
Баарыңыздарга маалым болгондой, “Манас” эл аралык аэропорту алгачкы жолу ички авиаташуулардын муктаждыктарын жабуу үчүн Q-400 учактарын сатып алган. Бүгүнкү күндө “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы” бул учактар менен Жалал-Абад, Баткен, Раззаков, Талас жана Ош шаарларына ички каттамдарды тейлөөдө.
Жакында Германияга болгон расмий сапарымдын алкагында авиа курулуш жана учак өндүрүү боюнча дүйнөгө белгилүү лидер “Эйрбас” (“Airbus”) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуп, Кыргызстандын мамлекеттик – “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясына аталган компаниянын учактарын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.
Мына бүгүн ал ардактуу коногубуз Йохан Пелиссье мырза дагы араңыздарда ушул аэропортубуздун ачылышына катышып олтурат.
Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн авиация тармагы өнүгүүнүн жаңы этабына чыкты десек жаңылышпайм.
Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 2007-жылы биздин авиация тармагыбыз дүйнөлүк талаптарга жооп бере албай калгандыгына байланыштуу Евробиримдиктин аймагына учууга тыюу салынган. Кара тизмеге киргенбиз. Ошондон бери Европага авиа каттамдарыбыз түз уча албай, элибиз ар кайсы үчүнчү өлкөлөр аркылуу учуп барып келет.
Азыр эми биз Эл аралык дүйнөлүк граждандык авиация уюму тарабынан текшерилип, 2023-жылы учуу коопсуздугу, ал эми 2024-жылы авиациялык коопсуздукка байланыштуу эки аудиттен ийгиликтүү өттүк.
Бул биздин авиация тармагыбыздын дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин далилдей турган маанилүү жетишкендик болуп эсептелет.
Тарыхый өңүттөн алып караганда Кыргызстан Евробиримдиктин авиация тармагынын кара тизмесинен чыгуу маселесине эч качан мынчалык көңүл бурган эмес экен. Атүгүл, буга чейин бул багытта олуттуу кадамдар да жасалбаптыр. Биз азыр бул маанилүү этапты жеңип өтүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз.
2025-жылдын башында Европа Комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы кеңсесинен Кыргызстанга аудит жүргүзүү үчүн адистери келишет. Бул текшерүүдөн ийгиликтүү өтүп алсак, биздин авиакомпанияларга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө түз каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк жаралат. Кара тизмеден чыгабыз.
Европа өлкөлөрүнө түз аба каттамдарын ачыш үчүн дагы 2 чоң самолет сатып алабыз деп турабыз. Ал эми түз каттамдардын ачылышы жүргүнчүлөрдүн учуу убактысын кыйла кыскартып, сапарларынын ыңгайлуу болушун шарттайт. Бул Европадан Кыргызстанга туристтердин агымын көбөйтүүгө түздөн-түз өбөлгө болуп, өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө салым кошот. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бизнес өкүлдөрү үчүн Европа менен байланыш жеңилдеп, экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө алып келет. Мындан тышкары, экспорттук жана импорттук жүк ташуу процесси да жөнөкөйлөшөт. Бул дагы мамлекетибиздин экономикасына оң таасирин берет.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Ошентип биздин авиация тармагыбыз бутуна туруу, өнүгүү этаптарын ийгиликтүү өтүп жатат. Өлкөбүздө туруктуулук, коомубузда ынтымак өкүм сүрүп, элибиздин колдоосу болуп турса, албетте, көздөгөн максаттарыбызды ишке ашырабыз.
“Казарман” жана “Кербен” аэропорттору модернизациядан өттү. Учурда “Нарын” аэропортун калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Кудай буюрса, сатып алган төрт учагыбыздын үчүнчү учагы май айында келет. Казарман-Бишкек, Нарын-Бишкек, Кербен-Бишкек, Каракол-Ош, Талас-Ош сыяктуу аба каттамдары майдан баштап уча баштайт. Төртүнчү учак келе жаткан жылдын аягында келет. Ошондон кийин өлкө ичиндеги аба каттамдарды толугу менен “Асман Эйрлайнс” мамлекеттик компаниябыз өзү аткара баштайт. Баасы дагы азыркы жеке менчик компаниялардыкына караганда арзан болот.
Ошондой эле “Манас”, “Ош” эл аралык аэропорттору реконструкцияланып жатат. Жаңы жылдан кийин Жалал-Абадда жаңы аэропорттун курулушу башталат.
Урматтуу агайын-туугандар!
“Каракол” аэропортунун ачылышы – бул башталышы гана деп туралы. Эмки милдет – өлкөбүзгө келген туристтердин Каракол шаарына жөн эле келип-кетишин камсыз кылбастан, аларды кыргыз элинин меймандостугун, жылуу мамилесин сезе тургандай, жаратылыштын кооздугуна шыктанып, көл кылаасынын кайталангыс маданиятына суктангыдай кызыктуу борборго айландырууга багыт алалы! Туристтерге сый мамиле жасайлы, туугандар.
Мына Жыргалаң-Бозучук-Акбулак лыжа базасынын курулушу башталып жатат. Жакынкы жылдары бул жерлерде Орто Азия жана КМШ өлкөлөрү боюнча эң чоң жана эң ыңгайлуу шарттары менен “Кыргыз Куршевель” лыжа базасы ишке кирет. Мына ушул аэропорттон болгону 70 километр аралыкта. Сезондо эле миллион туристти кабыл алууга кубаты жетет. Жылы бою иштеген база болот.
Мына ошондуктан өлкөбүзгө келген туристтерди сый мамиле менен тосуп алып туралы.
Учурдан пайдаланып, “Каракол” аэропортун кайра калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашырууга билимин, тажрыйбасын, күчүн жумшаган куруучуларга, долбоор түзгөндөргө, инженерлерге, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана эл аралык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем.
“Каракол” аэропортунун ачылышы Ысык-Көл облусунун өркүндөп-өнүгүүсүнүн символу болуп калсын! Аба дарбазабыз алдыда далай жылдар бою элибизге, меймандарыбызга, туристтерибизге кызмат кылган ак жолтой жайга айлансын! Жаңы аэропортубуз баарыбызга кут болсун!”