Президент Садыр Жапаров Европа Бирлигинин комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, “Ынтымак ордосунда” Европа Бирлигинин эл аралык өнөктөштүк боюнча комиссары Йозеф Сикела менен жолугушту.
Стратегиялык кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Йозеф Сикеланы Еврокомиссар болуп дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтүү кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди.
Садыр Жапаров Европа Бирлиги (ЕБ) Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери ишенимдүү өнөктөш болуп келгенин белгиледи. Ал Кыргызстан менен ЕБ өлкөлөрүнүн ортосундагы активдүү диалогду, ошондой эле 2024-жылдын июнь айында Брюсселде кол коюлган Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууну баса белгиледи. Президент бул келишим соода, экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот деген ишенимин билдирди.
Президент өлкөдөгү учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу айтып, акыркы төрт жылда мамлекеттик бюджет үч эсеге жакын өскөнүн, ал эми ИДП эки эсеге өскөнүн баса белгиледи. Ал пенсиялар жана социалдык төлөмдөр көбөйүп, ошондой эле мамлекеттик институттарды бекемдөөгө, сот системасына ишенимди жогорулатууга жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш жүрүп жатканын айтып өттү.
“Биз демократиялык реформаларды жүргүзүүдө, туруктуу жана стабилдүү мамлекетти өнүктүрүүдө Европа Бирлигинин Кыргызстанга көрсөтүп келе жаткан туруктуу колдоосун жогору баалайбыз”, – деди Мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров ишенимди бекемдөө, жагымдуу инвестициялык климатты жана ишкер чөйрөнү түзүү, ошондой эле жеке менчикти коргоо жана инвесторлордун укуктарын камсыз кылуу үчүн кабыл алынган маанилүү ченемдик-укуктук актыларга токтолду.
Президент Европа Бирлигине жашыл демилгелерди, жаратылыш кырсыктары учурунда эрте кабарлоо системаларын, аз көмүртектүү өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүүнү илгерилетүү боюнча кызматташууну сунуштады.
Ал Кыргызстандын демилгеси жана тоолуу өнөктөштөрдүн кеңири колдоосу менен Бириккен Улуттар Уюму 2023-2027-жылдарды «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы» деп жарыялаганын эске салды.
Бул контекстте ал Европа Бирлигин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын жол картасына донор катары кошулууга чакырды, анткени Европанын көпчүлүк өлкөлөрү тоолуу болгондуктан, алардын айрым жерлеринде да коркунуч алдында турган мөңгүлөрдү сактоо, тоо экосистемаларын коргоо жана туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер бар.
Өз кезегинде комиссар Сикела Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жөнүндө тарыхый макулдашууну региондогу тынчтык үчүн чечүүчү мааниге ээ деп жогору баалады жана ЕБ аймактык интеграцияны жана Борбордук Азия менен Европанын ортосундагы өз ара байланышты жактай тургандыгын ырастады.
“Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарында чоң потенциалы бар жана ЕБ аймакка туруктуу жана узак мөөнөттүү пайда алып келген долбоорлорду колдоого жана бул потенциалды ишке ашырууга даяр. Менин сапарымда макулдашылган демилгелер буга сөзсүз жардам берет”, – деп белгиледи комиссар Йозеф Сикела.
Андан соң Президент Садыр Жапаров менен комиссар Йозеф Сикеланын катышуусунда каржы келишимине кол коюу аземи өттү.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Европа Бирлиги жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу максатында ирригацияга инвестицияларды көбөйтүүгө багытталган жаңы программаны ишке киргизүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.
Программа сууну үнөмдөөчү технологияларды жана инновациялык чечимдерди киргизүүнү колдоого багытталган, алар өлкөдө айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.