Президент Садыр Жапаров эс алуу күнүн Ала-Арчада өткөрдү

 Президент Садыр Жапаров эс алуу күнүн Ала-Арчада өткөрдү

19-апрелде президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бирге Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барып, жарандар менен катар жаратылышта эс алды.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, өлкө башчысы жубайы менен парк аймагында жайгашкан ресторанда түштөнүп, эс алып жаткан жарандар менен жылуу маектешти. Социалдык тармактарга тараган кадрларда эл менен жөнөкөй, жылуу мамиледе болгону жана жаратылышка болгон кызыгуусу байкалат.

Акыркы жылдары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы модернизацияланып, экотуризмдин заманбап борборуна айланып бара жатат. Бул өзгөрүүлөр президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен, президенттин Иш башкармалыгынын жетекчилиги астында ишке ашууда.

Парктын инфраструктурасы экологияга зыяны тийбеген, заманбап жана ыңгайлуу шарттар менен жаңыланууда:

• А-фрейм үлгүсүндөгү жыгач үйлөр курулуп, эс алуучулар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүлдү;
• Асма жолдун курулушу башталды, эми коноктор жаратылыш кооздугун бийиктиктен көрө алышат;
• “Ак-Бата” жана “Ала-Арча” мейманканалары толук жаңыланып, заманбап стандарттарга жооп берет;
• 1500 м бийиктикте ресторан жана эс алуу зоналары курулууда.

Белгилей кетчек, 1-майдан тарта жеке автоунаалардын кирүүсүнө чектөө кирет, анын ордуна экологиялык таза электрокарлар иштей баштайт. Ошондой эле газ менен иштеген экокаминдер орнотулуп, жаратылышка зыян келтирбеген шарттар түзүлүүдө.

Бул иш-чаралардын баары Ала-Арчаны сактоо, экотуризмди өнүктүрүү жана жаратылыш менен жуурулушкан заманбап эс алуу мейкиндигин түзүү максатын көздөйт. Бүгүнкү Ала-Арча – Кыргызстандын жашыл келечегинин символу.

Связанный пост