Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда элге кайрылуу жасады.
Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу кыргызстандыктар!
Мен сиздерге кезектеги кайрылуум менен чыгууну туура көрдүм.
Себеби 25-сентябрда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алгандан кийин, мен бүгүн Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнүн 30-ноябрга белгилеп, Жарлыкка кол койдум.
Ошентип, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 30-ноябрь күнү болот.
Биринчиден, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдиремин.
Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар.
Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр.
Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн.
Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну бизде өтөт. Кыскасын айтканда “Тогуз толгоо” бир келип атат.
Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн.
Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун.
Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем.
Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам. Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам.
Эми кудай буюрса эки шайлоонун ортосу дайыма бир жарым жыл аралык менен өтүп турат.
Ошондуктан, урматтуу депутаттар, ар бириңиздер өз керт башыңыздарды ойлобостон, эң туура чечим кабыл алдыңыздар.
Биз башкаруу системасын иреттеп, түз жолго салып, саясий кризистерди жойдук, экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Эми келечекке узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү орнотушубуз керек эле.
Мына эми узак мөөнөттүү стабилдүүлүк калыптанды десек болот.
Эми, урматтуу эл-журт, кайрылуумдун мазмуну төмөнкүчө болмокчу:
Көз карандысыздыкты алгандан кийин 30 жыл ичинде Кыргызстаныбызда 3 жолу төңкөрүш болду. Үчөө тең шайлоолордон келип чыккан. 3 жолу мамлекетибиз чачырап кетүү коркунучуна келип такалган. Анткени шайлоолор адилет өтчү эмес. Биринин добушун экинчисине кошуп, же болбосо аз добуш алган талапкердин добушун көбөйтүп, добуштарды сатып алып, айтор, бийлик башындагылар каалагандай шайлоолор өтүп келген.
Азыр андай эски шайлоо системасын жок кылдык. Илгеркидей бюллетендерди чыгарып алып, шайлоо участокторуна алдын ала камаздап ташып барып, аларды күнү-түнү кайтарып жаткан мезгил өтүп кетти.
Баары санариптешти. Азыр эми шайлоо участогуна барып, каттоодон өтөрүңүз менен ошол жерден бюллетенди компьютер чыгарып берет. Каалаган талапкериңизди шайлап, бюллетенди автоматтык жашикке саласыз.
Автоматтык жашик добушуңузду кайсы талапкерге бергениңизди дароо эсепке алып коёт дагы шайлоо убактысынын бүтүшүн күтөт. Шайлоо убактысы аяктап, кечки саат 20:00дө жашиктин кнопкасын басканда кайсы талапкер канча добуш алганын дароо эсептеп чыгарып берет.
Андан сырткары, жашиктеги бюллетендерди төгүп алып, талапкерлердин байкоочулары менен биргеликте кол менен дагы санап чыгышат.
Ал бюллетендер бир жыл бою архивде сакталып калат. Кайсы талапкер кайсы шайлоо участогунан күмөн санаса, арыз жазып барып, кайрадан санап чыкса болот.
Кыскасы, бир дагы талапкер же кандайдыр бир күчтөр шайлоонун жыйынтыгына доомат коё албайт. Себеби бизде шайлоо системасы толук электрондошуп, автоматташкан.
Мындай шайлоо системасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинде бизде гана бар.
Кыргызда “Оозун сүткө күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген таасын айтылган сөз бар. Анын сыңарындай, шайлоонун шайтан оюндарынан 30 жылда 3 жолу төңкөрүш көргөн жаныбыз шайлоо системасын адам фактору аралашпагандай кылып толук санариптештирип, автоматташтырып салдык.
Мен муну менен эмнени айткым келди.
Мындан ары шайлоолордо добуш саноодо жана жыйынтык чыгарууда бийликтин эч кандай таасири болбойт.
Добуштарды компьютер санайт, жыйынтыгын дароо компьютер чыгарып берет.
Андан кийин кол менен дагы санап алсаңыздар болот. Жыйынтыгында, эч айырма болбойт, ошол эле компьютер чыгарган жыйынтык жана кол менен санаган бюллетендер бирдей чыгат.
Эми урматтуу кыргызстандыктар, кайрылуумдун негизги өзөгүнө келели.
30 жылда миң түркүн депутаттарды көрдүңүздөр. Жакшысын да, жаманын да, популистин да, демагогун да, кыйкырчаагын да, бакырчаагын да, кооз сүйлөгөнүн да, байын да, кедейин да, добуш сатып алганын да, сатканын да, көрдүңөр дегендей.
Ошентип, депутат шайлоодо “мастер” эле болуп калдыңыздар деп ишенем.
Ошондуктан келе жаткан шайлоодо татыктуусун гана шайлаңыздар демекчимин.
Татыктууларды шайлап алуу эми мындан ары өз колуңуздарда.
Өз балабыз деген түшүнүктөн да алыс болуңуздар. Чаткалдан Алайга, Алайдан Ат-Башы менен Каркырага барып койсо дагы баары өз балаңар. Биз баарыбыз бир эле элбиз.
Азыркы мыйзам боюнча ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Бир шайлоочу талапкерлердин бирөөнө гана добуш бере алат. Башкача айтканда бир шайлоочу – бир добуш.
Үчүнчү орун аялдардыкы.
Мурда аялдар эркектер менен бирдей шартта эле шайлоого катышчу.
Көрдүңүздөрбү?
Дүйнөдө бир да өлкөдө жок системаны киргиздик. Аялдардын укугу тебеленбесин дедик. Биз аялдарды сыйлаган улутпуз. Биздин улуттан эл башкарган аялдар, мекенин коргогон баатыр кыздар чыккан.
Ошол эле адам укугун, аялдардын укугун коргошубуз керек деп кыйкырган өлкөлөрдө аялдар үчүн мындай шарттар жок. Айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбейт. Башкалардан талап кылганды жакшы билишет, бирок өздөрү ошол талаптарды иш жүзүндө аткарышпайт.
Урматтуу кыргызстандыктар!
Биз, бийлик тарап, таза шайлоо өткөргөнгө толук шарттарды түзүп бердик.
Эми сиздер таза шайлап үйрөнүңүздөр.
Добушуңуздарды сатпаңыздар.
“Добуш сатып алам” деп келген талапкерлерди эл арасына алып чыгып, катуу уяткарыңыздар. Экинчи “добуш сатып алам” деп келбегидей кылыңыздар.
“Жол, мектеп, бала-бакча салып берем” же “асмандагы айды алып берем” дегендерге таптакыр ишенбеңиздер. Депутат деген эч нерсе куруп бербейт, депутат деген мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп, округунда кандай көйгөйлөр болсо жеткирип келип, анын чечилишине кам көрөт.
Добушуңарды сатып алган депутат эзели силер үчүн же мамлекет үчүн иштебейт. Шайлоого короткон акчасын толуктайм деп беш жыл бою өзү үчүн иштейт. Добушуңарды сатсаңыздар, 5 жыл бою ал депутатты округдан көрбөйсүздөр.
Талапкерлердин дагы бир түрү болот.
Алар тили менен буудай кууруйт, бирок колунан эч нерсе келбейт.
Андай депутаттарды да көрдүңөр, көрүп эле жүрөсүңөр. Алардан да сак болгула.
Кыскасы, бул шайлоодо дагы “баягыларды” шайлап алып, 5 жыл бою “депутаттар – акмактар” деп наалыбагыла. Наалысаңар өзүңөргө наалыган болосуңар.
Кимдерди шайласаңар да, алар силердин өзүңүздөрдүн 5 жылдык депутатыңар болот.
Мындан ары мурдагыдай партиялык тизмеге кире калып, миллион доллар бере салып, эч ким тааныбаган эле бирөө депутат болуп келген башаламан система жок.
Мындан ары депутаттарды түздөн-түз өзүңүздөрдүн араңыздардан шайлап аласыздар.
Биз, бийлик, “талапкерди эл өзү тандап алсын” деп толук шарт түзүп бердик.
Эми өзүңөр жаңылбай, тандап алып, анан шайлаңыздар.
Бул жолу чыныгы элдик өкүлдөрдү, өзүңөрдүн өкүлүңөдү шайлайсыздар.
Ушул жерден айыл өкмөттөн баштап мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге да кайрыла кетейин.
Шайлоого аралашпаңыздар. Кимде ким аралашкан болсо, кызматтан кетип эле тим калбайсыздар. Катуу жазалайбыз.
Талапкерлердин эл менен болгон чогулушуна барып катышууга тыюу салбайбыз.
Чогулуштарга барып, талапкерлердин программасын угуп, анан жүрөккө жаккан талапкерге добушуңуздарды бере бериңиздер. Бирок үгүт иштерине катышпаңыздар.
Баланча талапкерди өткөрөм, түкүнчө талапкерди жыгам деп чуркабаңыздар.
Бул шайлоону калыс катары башынан-аягына чейин мен өзүм көзөмөлдөймүн.
Эгер кайсы бир округда адилетсиз иштер жаралган болсо, БШКнын териштирүүлөрүнө жеке өзүм барып катышам же комиссия түзүп, ишенимдүү кишилеримди жиберемин.
Ар бир иштин жыйынтыгын калыс чыгарабыз.
Келиңиздер, биз деле өнүккөн өлкөлөр сыяктуу цивилизациянын туу чокусуна умтулалы. Экономика менен алектенели, коргонуу, коопсуздугубузду бекемдейли.
Качанга чейин ызы-чуудан башыбыз чыкпай жүрө беребиз?
Кыскасы, бул шайлоо биздин тарыхыбызда болуп көрбөгөндөй таза өтүшү керек.
Эл кайсы талапкерди кааласа, ошол талапкер өтсүн.
Эл шайлап берген депутаттар менен иштешүүгө даярбыз.
Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.