Президент Садыр Жапаров Бишкекте «Алга» спорт комплексин ачты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, Бишкек шаарында “Алга” спорт комплексинин ачылыш салтанатына катышты.
Иш-чаранын алдында Мамлекет башчы жаңы спорт комплексинин инфратүзүмү, анын ичинде күрөш жана машыгуу залдары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү, административдик имараттары, ошондой эле 142 орундуу мейманканасы менен таанышты.
Ал ошондой эле дене тарбия-ден соолук чыңдоочу комплексин, машыгуу аянтчаларын, көп функциялуу спорт аянттарын, воркаут-зонаны жана кичи футбол талаасын көрүп чыкты.
Президент спорт комплекстин ачылыш салтанатында сөз сүйлөп, борбор калаабыз өлкөнүн экономикалык, транспорттук, илимий жана маданий очогу катары өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү бара жатканын өзгөчө белгиледи.
Ал бардык тармактарда курулуш иштери кызуу жүрүп жатканына жалпы эл күбө экенин белгиледи. Утурумдук ыңгайсыздык болгону менен, Бишкектин жашоочулары жана ордо шаарыбызга келген меймандар үчүн жайлуу жана башка жакшы шарттарды түзүүгө болгон күч-аракет жумшалууда. Себеби Бишкек – бул өлкөбүздүн жүзү.
“Борборубузда спорт инфратүзүмүн өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткандыгы – мына ошондой иш-аракеттерибиздин бир бөлүгү.
Бүгүн ачылып жаткан спорттук жай — заманбап, көп тармактуу “Алга” спорт комплекси дагы ошол алдыга койгон максаттарыбыздын четинен иш жүзүнө ашып жаткандыгынын ачык далили.
Бул саамалык — калк саламаттыгы жана жаштардын өсүшү үчүн чоң мүмкүнчүлүк”, – деди Садыр Жапаров.
Ал спорт комплекстин жарым кылымдан ашуун бай тарыхы бар экенин эске салды. Учурунда “Эмгек резерви” деп аталган бул спорттук комплекс 1954-жылы курулуп, ошондон бери калаа тургундарына өз деңгээлинде кызмат көрсөтүп келген.
Президент ортодон бурулуштуу мезгилдер өтүп, башка бир катар объектилердей эле бул жай дагы кароосуз калгандыгын айрыкча, ушул аймактын тургундары жакшы билерин белгилеп өттү.
Комплексти реконструкциялоонун жүрүшүндө жер астындагы суунун деңгээли жогору болгондугуна байланыштуу кыйынчылыктар болгон. Дренаждар тазаланып, жер астындагы суулар тартылып, аянт тегизделди. Кара топурак төгүлүп, көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлдү.
Жасалган иштердин натыйжасында борборубуздун түндүк бөлүгүндө жайгашып, 7,4 гектар аянтты ээлеген спорт комплекси жигердүү жаштарды кабыл алууга жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө толук даяр.
“Бул жерде ар кыл спорт түрлөрү боюнча машыгууга, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого бардык тиешелүү заманбап шарттар түзүлгөн. Бул боюнча жогоруда көрсөтүлгөн тасмадан көрө алдыңыздар. Анда айтылгандай, спорт комплексинин аймагында FIFA-4 стандартына ылайык жасалган 3000 орундуу футбол талаасы, машыгуу аянтчалары, көп функциялуу спорттук аянтча жана воркаут-зонасы, кичи-футбол талаасы – булардын баары эл аралык деңгээлге чыгууга умтулуу экенин байкоого болот”, – деди Мамлекет башчы.
Мындан тышкары заман талаптарына ылайык, мейманкана, ден соолукту чыңдоочу комплекс, 150дөн ашык унаа бата турган унаа токтотмосу, насостук станция, суу сактагыч жана откана да курулду.
“Ошондой эле Чоң Чүй каналынын жээги көрктөндүрүлүп, веложол, жөө кишилер үчүн жол салынып, асфальт төшөлдү. Комплекстин аймагына резина жабуусу бар чуркоо жолдору салынып, буюрса, спортчуларыбызга да жана калаа тургундарына да тиешелүү шарттар түзүлдү. Видеокамералар орнотулуп, коопсуздук маселеси да өзгөчө көңүл борборунда болду”, – деп баса белгиледи өз сөзүндө Садыр Жапаров.
Ал бир кездерде тиешелүү шарттар болсо, эл аралык деңгээлде жетишкендиктерге жетер элек деп кыялдансак, эми минтип ийгилик жаратууга мүмкүнчүлүктөр пайда боло баштаганын өзгөчө белгиледи. Дүйнө агымынан артта калбай, таланттуу жаштарыбызды ар тараптан сүрөөгө алуу маанилүү.
Президент жаңы спорт комплекс кыргыз спортунун өнүгүшүнө жана шаар тургундарынын ден соолугуна кам көрүүсүнө чоң салым кошот деп үмүт артты.
Мамлекет башчысы “Алга” спорт комплекси — ден соолугу чың, сергек коомдун пайдубалы болоруна, аткарылган иштер элибизге кут, мамлекетибизге сыймык алып келерине ишенимин билдирди.
Ачылыш аземинен кийин “Алга” (Бишкек) жана “Барс” (Каракол) футболдук клубдарынын ортосунда Кыргызстандын Премьер-Лигасынын 12-турунун беттеши өтүп, ага Президент Садыр Жапаров катышты.
Жолугушуу 2:1 эсебинде “Барс” командасынын пайдасына аяктады.