Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-июлда, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Жогорку мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу эмгеги үчүн ыйгарылды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Мамлекет башчысы Ильхам Алиевдин жетекчилиги жылдарында Азербайжан мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, экономиканы өнүктүрүүдө жана ири долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенине токтолду.
Ал Азербайжандын Президентинин колдоосу жана эки элди жакындатууга болгон туруктуу умтулуусунун аркасында кыргыз-азербайжан мамилелери бекем достукка жана өз ара ишенимге негизделген чыныгы стратегиялык өнөктөштүккө айланганын, ал эми бүгүн сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп, союздаштык мүнөзгө ээ болгонун баса белгиледи.
Садыр Жапаров ошондой эле Азербайжандын Президентинин бекем тынчтыкты орнотууга, туруктуулукту чыңдоого жана аймакта кызматташтыктын жаңы атмосферасын калыптандырууга багытталган ырааттуу аракеттерин өзгөчө белгиледи. Ал Ильхам Алиевдин Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоого берилгендиги кыргыз элинин терең урмат-сыйына ээ экенин айтты.
Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан Азербайжандын Президентин жогорку мамлекеттик сыйлык менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Азербайжан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.