Президент Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Президенти бүгүн, 7-июнда, Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) иш сапары менен келди.

 

Мамлекет башчынын борту Нурсултан Назарбаев эл аралык аэропортуна конду.

 

Президент Садыр Жапаровду Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Алтай Кульгинов тосуп алды.

 

Сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаров “Диалог аркылуу кыйынчылыктарды жеңүү: кызматташтык, өнүгүү жана прогресс жолунда” темасындагы форумдун пленардык сессиясына катышат. Ошондой эле бул диалогдук аянтчанын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландаштырылууда.

 

Форум Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин патронажы астында өтүп жатат, анда тышкы саясат жана эл аралык коопсуздук, эл аралык өнүгүү жана туруктуулук, энергетика жана климаттын өзгөрүшү жөнүндө сөз болот.

Связанный пост