Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

 Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Москвада Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-өзбек эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү боюнча чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнүн 78 жылдыгы менен бири-бирин куттукташты.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары ырааттуу өнүгүүсүн арттырууга макулдашышты.

Связанный пост