МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган күрөш оюндарынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Биринчи Премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдыгына жана Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган кыргыз күрөш боюнча мелдештин ачылыш аземине катышты.

МинКаб башчысы 31-августта Ош шаарында мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган масштабдуу иш-чаралар өтөөрүн белгиледи.

“Насирдин Исанов мага рухий жактан абдан жакын адам болчу. Мыкты стратег, экономика илимдеринин доктору, ал бүт өмүрүн Кыргызстандын элине кызмат кылууга арнаган. Анын ысымы өлкөбүздүн тарыхында түбөлүккө сакталат”, – деген Акылбек Жапаров, мелдешти уюштурган демилгечилерге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, МинКаб башчысы турнирдин уюштуруучуларына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн 200 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Белгилей кетсек, мелдештер Ош облусунун Ноокат районундагы “Сахаба” стадионунда өткөрүлдү.

Связанный пост