Президент расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда, расмий сапар менен Японияга жөнөп кетти.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды, ошондой эле Япониянын алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланат.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
– Биринчи айым Айгүл Жапарова;
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Эркинбек Осоев;
– Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров;
– Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов;
– Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев;
– саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
– финансы министри Алмаз Бакетаев;
– экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
– юстиция министри Аяз Баетов.