Президент орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта, кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
“Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу момун мусулмандар!
Сиздерди Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Орозо айында таң аткандан шамга чейин наар албай, напсибиз тизгинделип, жан дүйнөбүз арууланды; барга шүгүр кылып, сабырыбыз чыңалды; көөдөнүбүз бейпилдикке толуп, дилибиз нурланды. Бул күндөрү Жаратканга тобо келтирүү менен жасаган бардык жакшы иш-аракеттерибиз кабыл болсун!
Кыргыз эли илгертен бери меймандостугу, боорукерлиги, кайрымдуулугу, калыстыгы жана ынтымагы менен даңазаланып келген. Бул баалуулуктар бүгүнкү күндө да сакталып, өлкөбүздө ар кандай этностун өкүлдөрү менен тынчтыкта, биримдикте, алака-катышта жашап келет. Биз жамы журтубуздун өз ара урматтоонун, бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүнүн жаркын үлгүсү боло алгандыгы менен ар дайым сыймыктанабыз.
Быйылкы Орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилди. Кары дебей, жаш дебей – баары тегиз чанда кездешүүчү дартка чалдыккан наристелердин дартына даба боло турган кымбат баалуу дарыга муктаждарга кол сунуп, элибиздин ынтымагын дүйнө жүзүнө дагы бир ирет жар салды.
Бабаларыбыздан мурастап калган мындай асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Анткени коомдун тынчтыгы жана биримдиги – өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн негизи болуп саналат!
Кадырлуу калайык-калк, Орозо айында биримдикти бекемдеген ушул сындуу бир катар окуяларды ырыскы-кут катары кабыл алалы, мындай нарк-насилди мындан ары да улап кетели. Чыныгы салттуу исламды таанып-билүү менен, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари-Барскани, Улукбек бабалардын жолун улап, илим-билим менен адеп-ахлакты бирдей алып, куштун эки канатындай бирдей кагып, алдыга умтулалы.
Айт майрамында жан дүйнөсү ыйманга, ынсапка, сабырга, мээримге, үмүткө толгон ар бир кыргыз жаранына жаркын келечек каалайм.
Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, бардар турмуш жана баштаган ишиңиздерге ийгиликтерди тилейм.
Ар бир үйдө тынчтык уялап, береке толсун, ал эми өлкөбүз туруктуулук менен өсүп-өнүгө берсин!
Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!
Айтыңыздар маарек болсун!”.