Президент мыкты делген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, Ынтымак Ордодо өткөн салтанаттуу иш-чарада өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

 

Аземге өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жазуучулар, маданият ишмерлери, мугалимдер жана дарыгерлер, ишкерлер жана спортчулар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана башка көрүнүктүү инсандар катышты.

 

“Улуу муундан мурас калган улуу дөөлөттөрдү, нарк-насилди өз бойлоруна сиңирип, кийинки муунга Ата Мекенге кызмат кылуунун өрнөгү катары өткөрүп берүүчү бүгүнкү сыйлык ээлеринин айрымдарына токтолуп өтүүнүн өзү мен үчүн дагы, эл үчүн дагы сыймык десем жаңылышпаймын. “Сыйлыгы жеке мен үчүн болсо, сыймыгы – жамы эл үчүн” деген накыл кеп дал ошондон калса керек деп ойлойм”, – деп Мамлекет башчысы өз сөзүндө белгиледи.

 

Президент сыйлык тапшыруу аземине Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон көрүнүктүү ишмерлер чогулганын айтты.

 

Жаӊы кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндөгү тарыхый ролу үчүн маркум Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынган.

 

“Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры” наамына татыктуу болгондордун арасында кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу, прозаик, публицист Кеңеш Жусупов, геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Кубат Осмонбетов бар.

 

III даражадагы “Манас” орденине профессор, педагогика илимдеринин доктору Абакир Мамытов менен Кыргыз эл акыны, Улуттук жазуучулар союзунунун президиумунун мүчөсү Акбар Рыскулов арзыды.

 

“Даңк” ордени менен Жалал-Абад мамлекеттик университети, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозаров жана башкалар сыйланышты.

 

Президент ошондой эле Акылбек Мураталиевдин маданиятка, Рыскул Боромбаевдин цирк өнөрүн жандандырууга, Канатбек Абдрахматовдун илимге, Замирбек Айдаровдун курулушка, Таалайбек Акматовдун медицинага, Сейитбек уулу Мунарбектин спортко кошкон салымын жана башкаларды белгиледи.

 

Мамлекет башчысы сыйлангандарга Ата Мекенге ак ниет кызмат кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын сиңирген эмгеги элди шыктандырып, Кыргызстан үчүн сыймыктанууну бекемдээрин белгиледи. Ал бардыгын сыйлыктары менен куттуктап, ден соолук, бакубат турмуш жана жаңы жетишкендиктерди каалады.

Связанный пост