Президент МИК тарабынан курулган “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Асман Резиденс-4” турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышты.
“Асман Резиденс-4” Сузак районунун Ленин айылында жайгашкан. Комплекс тогуз кабаттуу 12 турак жай блогунан турат, аларда 945 батир бар. Жер астында 172 жана жер үстүндө 514 орундуу унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар аянтчасы жана воркаут-зона каралган.
Президент өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат жигердүү жана ырааттуу ишке ашырылып жатканын белгиледи.