Президент “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоого старт берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Манас Ордо” Кыргыз улуттук комплексин реконструкциялоого мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Иш-чаранын алдында меймандарга “Манас” эпосуна арналган театралдаштырылган пролог, андан соң “Манас Ордо” комплексин реконструкциялоо долбоору жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Эскизге ылайык, бардык имараттар жаңыланып, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алууга жөндөмдүү болгон Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий мейкиндикке айланат.

Мамлекет башчысы “Манас-Ордо” — кыргыз элинин ондогон кылымдар бою басып өткөн жолун, салт-санаасын, көчмөн турмушун, элди-жерди көздүн карегиндей сактоонун демин сездире турган ыйык жай экенин баса белгиледи. Анын ар бир ташы элибиздин улуулугун, нарктуулугун, көрөгөчтүгүн, намыска бекемдигин, табиятка кылган аяр мамилесин азыр да эске салып турат.

“Комплексти жаңылоо иштери өтмүшүбүзгө сый-урмат көрсөтүү жана бабалардан калган ыйык таберикти келечек муунга аманат калтыруу, маданий баалуулуктарды түбөлүк жандандыруу жана улуттун руханий борборун түптөө багытындагы маанилүү аракет болуп саналат”, – деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун: “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз”, – деген сөздөрүн келтирди.

““Манас” эпосу – кыргыздын эс тутумунда сакталып келген генетикалык коду, улуттун тарыхы, өнүгүүсү жана жашоо шарттары жөнүндөгү маалыматты камтыган руханий дөөлөт экенин эске алганыбызда, биз улуттук кыртышыбызга, өзөгүбүзгө таянып, уңгулуу баалуулуктарыбызды карманып, Айкөл Манас атанын жолу менен, “Манастап” ураан чакыруу аркылуу гана мындан ары улуттук демибизди улай алабыз”, – деп өзгөчө белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал архивдик маалыматтарга токтолуп, бул жер алгач 1976-жылы адабий-этнографиялык музей, кийин 1990-жылы “Манас күмбөзү” музей-коругу болуп түптөлгөнүн эске салды. Ал эми “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинде “Манас Ордо” комплекси болуп өзгөргөн.

Ошондон тарта бул комплексте эч бир жаңылануу боло элек. Бул жолку реконструкция иштери акыркы 30 жыл ичиндеги эң ири жаңылануу болмокчу. “Манас Ордо” жеке эле кыргызстандыктардын эмес, чет өлкөлөрдөн келген зыяратчылардын, изилдөөчүлөрдүн, окумуштуулардын, туристтердин көңүлүн өзүнө тарткан руханий борборго айланат.

Комплекстин аймагында жыйындар үчүн заманбап конгресс-холл, көркөм өнөр менен кол өнөрчүлүккө арналган галерея, конок үйлөр жана административдик имарат курулат.

“Бул руханий ордону жаңылоо аркылуу туризм тармагы өнүгүп, кыргыз маданияты жана “Манас” дүйнөсү эл аралык деңгээлде таанылат. “Манас-Ордо” менен жеке эле Талас эмес, өлкөбүздүн да атагы чыгат”, – деди Президент Садыр Жапаров жана жаңыланган “Манас Ордо” комплекси кыргыздардын руханий маданиятынын жандануусунун символу болорун баса белгиледи.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Манастын күмбөзүнө барып, куран окутулду.

Связанный пост