Президент мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Улан-Батор шаарына жөнөп кетти.
Мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар жана өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
Айгүл Жапарова – Президенттин жубайы;
Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри;
Эдиль Байсалов – Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
Муратбек Азымбакиев – Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Айбек Артыкбаев – Кыргызстандын Монголиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;
Алтынбек Максутов – маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Тилек Текебаев – транспорт жана коммуникациялар министри;
Данияр Амангельдиев – экономика жана коммерция министри;
Умбриэль Темиралиев – Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин директору;
Эмилбек Абдыкадыров – Бишкек шаарынын мэри;
Самат Насирдинов – айыл чарба министринин орун басары;
Эмиль Осмонбетов – жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.