Президент мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу боюнча жарлыкка кол койду

 Президент мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ошондо, коомдун кызыкчылыктарына кызмат кылууга багытталган, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, КР президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы №435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, КР президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 “Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясына ылайык, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылынат:

  1. КР юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович айкалыштырып иштөө боюнча КР президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалсын.
  2. КР президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директоруна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө менен 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын статусу берилсин.

Связанный пост