Президент Мамлекеттик ипотекалык компания курган “Мурас” турак жай комплексин ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган “Мурас” турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты.

 

Мамлекет башчысы элдин турмушун жакшыртуу жаатындагы ой-максаттардын сап башында калкты жумуш орундары жана арзан турак жай менен камсыз кылуу артыкчылык катары турарын баса белгиледи.

 

“Кайсы үй-бүлөнү алба, балдары билим алып, кесипке үйрөнүп, эрезеге жеткенде, ар бир ата-эне “ушул балам, же ушул кызым ак эмгеги менен каражат тапса, үйлүү-жайлуу болушса, анан бак айтып үй-бүлө курушса” деп басса-турса тилек кылат. Мына ошол турак жай маселесин чечүү максатында акыркы жылдары жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кириштик. Анын алгачкысын он күндөй мурун дал ушул борбор калаабызда баштап, 500дөн ашуун жаранга батирлердин ачкычтарын тапшырдык. Бүгүн ошол ийгиликтүү долбоордун уландысы катары “Мурас” турак жай комплексинин ачылыша күбө болуп жатабыз”, – деди Садыр Жапаров.

 

Ал турак жай комплекси үчүн алынган жер тилкесинде мурда №47 түзөтүүчү колониясы жайгашканын, аны шаар четине чыгарып, ордуна жай турмуш өкүм сүрсүн деген ниетте турак жай куруу мерчемделгенин эске салды.

 

Президент жеткиликтүү турак жайларды куруу иштери мындан ары дагы ыкчам темп менен улантыларын белгиледи. Социалдык турак жай алуу кезегине турган 40 миңден ашуун жарандар үй-жайлуу болушат. Алдыда дагы көптөгөн жаңы турак жай комплекстеринин курулушу жеке эле борбор калаада эмес, өлкөнүн ар кайсы аймактарында башталат.

 

Андан соң Мамлекет башчысы батирлердин биринчи ачкычын тапшырып, турак жай комплексинин от казанын жана болочок тургундардын батирлерин көрүп чыкты.

 

Президент Садыр Жапаров жаңы комплекс үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу жер жана өлкөдө социалдык долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун үлгүсү болоруна ишеним билдирди.

 

“Мурас” турак жай комплекси – жалпы 4 700 батирди камтыган ири долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. Анын алгачкы этабы аяктап, 6 блоктон турган 18 кабаттуу үйлөрдөн 510 батир Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу ээлерине тапшырылат.

Связанный пост