Президент Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта жаңы дайындалган Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Мамлекет башчысы жооптуу дипломатиялык миссиясында Элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды коюп, соода-экономикалык, энергетикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл бурду.

 

Кубанычбек Боөкөнтаев өз кезегинде Кыргызстан-Россия кызматташтыгын тереңдетүү боюнча пландар тууралуу айтып берип, эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун үстүндө активдүү иштөөгө даяр экендигин билдирди.

Связанный пост