Президент кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

 Президент кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу окуучулар жана студенттер!

Кымбаттуу агай-эжейлер!

Жаңы окуу жылынын башталышында бардык мектептер, жогорку окуу жайлар жана башка билим берүү мекемелери эшигин ачып, келечек ээлерин чыдамсыздык менен күтүп алышат. Бул окуу жылында республика боюнча 127 миңден ашуун жеткинчек алгач ирет билим уясынын босогосун аттап, билим дүйнөсүнө сүңгүп, келечекке сапар алууга кадам таштаганы турат.

Мына ошондуктан баарыңыздарды: агай-эжейлерди, окуучуларды, студенттерди жана ата-энелерди 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бүгүнкү тез өзгөрүп жаткан дүйнө жүзүндө санариптин, технология заманынын арааны жүрүп жаткан кезде, кайсы гана мамлекет болбосун, билим берүү тутуму өнүгүүнүн өзөгүн түзөрүн аңдап, бул тармакка өзгөчө мамиле жасап келатышат.

Биз дагы дүйнө агымынан артта калбай, билим берүү тармагын туруктуу өнүктүрүүнү мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатынын артыкчылыктуу багыты катары карап, окутуунун сапатын арттыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү далалатын көрүп келебиз. Бүгүнкү күндө республика аймактарында мамлекет тарабынан балдар үчүн камкордуктар күчөтүлүп, бардык шарттары бар заманбап жаңы мектептер курулуп, четинен ишке берилүүдө.

Быйыл билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган «Алтын казык» мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектептерде билим берүү системасын 12 жылдык форматка өткөрүү боюнча бир катар абдан маанилүү чечимдерди кабыл алдык.

Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга каражат бөлүндү. Буюрса, биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери, андан кийин бардык мектеп мугалимдери камсыз болот.

Мектептерде окуучулардын илимий-техникалык жактан билимин көтөрүүгө абдан көңүл бурулууда. Ошону менен бирге, улууларды, устаттарды урматтоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын аздектөөгө, Кыргызстандын жараны катары кыргыз тилин так билүүгө маани берилүүдө.

Ошентип, ааламдашуу мезгилинде улуттук кызыкчылыктарыбызды эске алуу менен өлкөбүздүн билим берүү системасын жакшыртууга, аны дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоого аракеттер жүрүп жатат.

Мына ушундай шартта, билимдүүлөрдүн заманы келаткан маалда окуучуларга, студенттерге: “Ар тараптан билим алууга умтулгула,” – деп кайрылар элем. – Үйдөн адептүү болууга татыктуу тарбия, мектептен ар тараптуу терең билим алсаңар, Кыргызстандын атагын чыгарып, эгемен өлкөбүздүн туусун бийик желбирете турган ийгиликтерге жетесиңер”.

“Билим гана адамды эркин жана бийик кылат” деген жакшы сөз бар. Мектеп босогосун аттап жаткан жеткинчектердин сапары байсалдуу болсун. Жалпы мектеп окуучулары, студенттер жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы күч, жаңы жигер менен кирсин.

Агай-эжейлерибизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Жаңы башталган 2024-2025-окуу жылыбыз жемиштүү болсун!

1-сентябрь – Билим күнү майрамыңыздар кут болсун!”.

Связанный пост