Президент: Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат

 Президент: Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат

Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сөз сүйлөдү.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу кеңештин мүчөлөрү,
Урматтуу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү,
Урматтуу катышуучулар,
Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча экинчи жыйынга кош келдиңиздер.
Азыркы учурда финансы системаларын санариптештирүү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калды.
Көптөгөн мамлекеттер виртуалдык активдерди жөнгө салуу үчүн стратегиялык ыкмаларды иштеп чыгууда, борбордук банктардын санариптик валюталарын киргизүүдө, реалдуу активдер менен камсыздалган стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө.
Бул процесстер мындан ары технологиялык эксперимент болбой, жаңы экономикалык моделдин туруктуу элементтерине айланып баратат.
Кыргыз Республикасы – чөлкөмдөгү виртуалдык активдер жөнүндө мыйзам кабыл алынган жана бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясат жүргүзүп жаткан саналуу өлкөлөрдүн бири.
Өлкөдө виртуалдык активдер рыногу активдүү түрдө калыптанууда, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик база күчөтүлүүдө, инфраструктуралык демилгелер жаралууда.
Кыргыз Республикасы криптовалюталарды кабыл алуу боюнча глобалдык индексте 19-орунда турат жана Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жатат.
Бул коомдун санариптик чечимдерди кабыл алуу деңгээлинин жогору экендигин билдирет. Бирок бул бизге олуттуу жоопкерчилик жүктөйт.
Бул жагынан алганда, Улуттук кеңешти түзүү салмактуу жана талап кылынган чечимдердин зарылдыгынан улам логикалык кадам болуп калды.
Кеңештин алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрү бириктирилген. Анын ишине дүйнөлүк денгээлдеги кесипкөйлөрдүн, анын ичинде Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусу эң мыкты жөнгө салуучу жана технологиялык тажрыйбаларга жетүүгө жол ачат.
Бүгүнкү күн тартибинде актуалдуу маселелер жана багыттар камтылган.
Сөз инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу, пилоттук долбоорлорду баштоо, жасалма интеллект жана блокчейн технологиялары жаатында кадрларды даярдоо, коопсуздук стандарттарын жана тобокелдиктерди башкарууну калыптандыруу жөнүндө болуп жатат.
Санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо негизги артыкчылык болушу керектигин өзгөчө белгилегим келет.
Биз билимге инвестиция салып, жаңы шарттарда иштей ала турган кадрларды чыгарууга тийишпиз. Ошондой эле инновациялар ачык-айкындуулук, так эрежелер жана ишенимдүү инфраструктура чөйрөсүндө өнүгүшү маанилүү.
Ушул факторлордун айкалышы гана – адамдык потенциал, натыйжалуу жөнгө салуу жана технологиялык база – санариптик экосистеманын туруктуулугун жана жарандардын, бизнестин жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин камсыздай алат.
Урматтуу жыйындын катышуучулары,
Кыргыз Республикасы глобалдык финансы архитектурасындагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып гана тим болбостон, өзүнүн, аймактык мааниге ээ моделин түзүүгө умтулган мамлекеттердин катарына кирет. Биздин өлкөнүн мындай лидерликке бекем негиз түзгөн: ийкемдүү институционалдык чөйрө, таланттуу жана шыктуу жаштар, экологиялык таза энергетикага жеткиликтүүлүк, ошондой эле мамлекеттик сервистерди жана инфраструктураны активдүү санариптештирүү сыяктуу уникалдуу артыкчылыктары бар.
Бул факторлордун жыйындысы Кыргызстанды виртуалдык активдер жана Web3 технологиялары жаатында аймактык хабга айландыруу маселесин реалдуу жана жеткиликтүү кылат.
Бул максат системалуу мамилени, жети өлчөп бир кескен чечимдерди жана стратегиялык координацияны талап кылат. Улуттук кеңеш эксперттик потенциалды, эл аралык тажрыйбаны жана саясий эркти интеграциялоо аянтчасы катары дал ушундай ролду аткарат.
Биз белгиленген динамиканы сактап калуубуз – ырааттуу, ачык-айкын, дүйнөлүк тажрыйбага, жоопкерчиликке жана өнөктөштүккө таянуу менен иш алып баруубуз маанилүү”.

Связанный пост