Президент: Кыргыз парламенти жаңы Кыргызстанды курууга чоң салымын кошууда
Бүгүн, 18-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы дайындалган министрлер ант берди.
Ант берүү аземинен кийин Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкөдөгү жаңыланууларга жана жүргүзүлүп жаткан реформаларга кеңири токтолду.
«Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөбүздүн коопсуздугун чыңдоо, салык жыйымдарын арттыруу, шайлоолордун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана башка коомдук-саясий турмушубузга түздөн-түз таасирин тийгизе турган мыйзам долбоорлорун кабыл алып бердиңиздер. Булар эми сиздер жасап жаткан алгылыктуу иштериңиздердин аз гана бөлүгү. Элдин кызыкчылыгына туура келген мындай мыйзамдарды айта берсек абдан көп» – деди.
Ошону менен бирге кыргыз парламенти жаңы Кыргызстанды курууда чоң роль ойноп жатканын белгилеген Өлкө башчысы: «Андыктан мыйзам чыгаруу бийлигинин бардык өкүлдөрүнө, Төрага Нурланбек Тургунбек уулу башында турган Жогорку Кеңештин депутаттарына жана ар дайым аркада бел-күч болуп келе жаткан парламенттин Аппаратынын кызматкерлерине тилектердин ишке ашуусуна кош-колдоп салым кошуп, эриш-аркак иштеп жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем»,– деди.