Президент: Кумтөрдүн кирешеси социалдык долбоорлорго жумшалууда
Кумтөрдөн жылына 1 млрд долларлык алтын казылса, болжол менен анын жарымы өндүрүштүк чыгымдарга жумшалып, калган бөлүгү таза киреше катары мамлекетке түшөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кумтөрдөн түшкөн каражаттын эсебинен акыркы жылдары өлкөдө ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
“Кумтөрдүн кирешесинин жарымына жакыны, кээде жарымынан ашыгырагы өзүнүн чыгымдарына кетет. Жарымы таза киреше болот. Жарымы чыгымдарга кетет. Бул деген айлык акы, пенсия, жөлөк пул төлөөгө, күйүүчү майга, салыгына, кошумча тетиктерине жумшалат. Калганы таза киреше, түз бойдон мамлекетке түшөт”, – деди президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров акыркы 5 жылда 500дөн ашык бала бакча жана мектеп курулганын өз сөзүндө белгиледи.
“Эгер 30 жылда 100 мектеп курган болсок, биз 5 жылда 500 мектеп курдук. Ошол кайдан алынган акча? Мына ушул Кумтөрдүн акчасы”, – деди ал.
Президент жол куруу боюнча көрсөткүчтөргө токтолуп, былтыр 1,5 миң чакырымга чейин жолго асфальт төшөлгөнүн, быйыл бул көрсөткүчтү 2 миң чакырымга жеткирүү пландалып жатканын айтты.
Мындан тышкары, пенсия жана жөлөк пулдар Кумтөрдөн түшкөн кирешенин эсебинен жогорулатылууда. Президент минималдуу пенсия 700 сомдон 7 миң 100 сомго чейин жогорулаганын, ал эми октябрь айынан тарта 8 миң 800 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирди.
Ошондой эле азыр 2 млрд доллардан ашык каражатка Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү салынып жатканы да кошумчаланды.