Президент Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын ишмердүүлүгү менен таанышты

 Президент Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Каракол мамлекеттик жаратылыш паркында” болуп, ишмердүүлүк жана инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштер менен таанышты.
Сапардын алкагында жаратылыш паркынын кире бериш бөлүгүндө жаңы экопост орнотулуп, анын иштөө тартиби менен тааныштырдым. Экопосттун негизги максаты экологиялык коопсуздукту камсыздоо, таштанды таштоонун жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдалануунун алдын алуу болуп саналат.
Экопосттон жеңил унаалар үчүн 200 сом, оор жүк ташуучу жана эл ташуучу унаалар үчүн 800 сомго чейин алынмакчы.
Маалыматка ылайык, парк 2024-жылдын 28-декабрындагы №334 буйруктун негизинде Президенттин Иш башкармасына өткөрүлгөн. Жалпы аянты 38 256 гектар, анын ичинде корук режиминдеги аймак — 24 187 гектарды түзөт.
2024-жылы мекеменин жалпы кирешеси 7,87 млн сомду, ал эми 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгында 18,5 млн сомду түздү. Кирешенин негизги бөлүгү туризмден, жер жана жайыт арендалары менен токой чарба ишмердүүлүгүнөн түшкөн.

Связанный пост