Президент иш сапар менен Сауд Аравия Королдугуна жөнөп кетти

 Президент иш сапар менен Сауд Аравия Королдугуна жөнөп кетти

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Королдугуна (Эр-Рияд шаары) кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.

 

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

 

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

 

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

 

– Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси / Ислам Кызматташтык Уюмундагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Улукбек Марипов.

Связанный пост