Президент инвесторлордун мүлкүн коргогон мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 11-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Бул мыйзамдын максаты инвестициялык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана укуктук карама-каршылыктарды четтетүү болуп саналат.
Мыйзам менен “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө”мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди.
Инвестициялар менен байланышкан жана инвестордун Кыргызстандын аймагында инвестициялык ишин жүзөгө ашырууда келип чыгуучу талаш-тартыштар (инвестициялык талаш-тартыш) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. Инвестициялык талаш-тартыш тараптардын макулдашуусу боюнча медиация аркылуу же болбосо талаш-тартышты сотко чейинки жөнгө салуунун башка макулдашылган ыкмалары менен жөнгө салынышы мүмкүн.
Эгерде инвестициялык талаш-тартыш жогорудагы тартипте жөнгө салынбаса, инвестициялык талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын сот органдарында чечилет же колдонуудагы арбитраждык эскертмени камтыган тиешелүү жазуу жүзүндөгү макулдашуу болгон учурда, же бул талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык арбитражга берилген учурда арбитражда каралат.
Мыйзам менен инвестордун мүлкүн кылмыш жасагандыгы үчүн бөгөт коюу чарасы катары конфискациялоо Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн деп каралган.
Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашырууну пландоочу чет өлкөлүк инвесторлор аккредитациядан ыктыярдуу негизде өтүүгө укуктуу.
Ошону менен бирге, мыйзам менен “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” мыйзамдын бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштарды кароо тартибин жөнгө салган 46-беренесин күчүн жоготту деп табуу каралган.