Президент Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү боюнча мыйзамга кол койду

 Президент Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү боюнча мыйзамга кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагы райондук маанидеги шаар категориясына киргизилип, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө шаары деп аталды жана анын чек арасынын баяндалышы бекитилди.

Связанный пост