Президент Чолпон-Атада Ирандын биринчи вице-президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына байкоочу катары катышуу үчүн өлкөгө келген Иран Ислам Республикасынын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Арефти кабыл алды.

Тараптар эки жактуу күн тартибинин, ошондой эле көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бир катар маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Иран менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи. Кызматташуу жылдарында тараптар өз ара кызыкчылыкты көздөгөн эки жактуу мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзүштү.

Президент белгилегендей, кыргыз-иран өнөктөштүгүнүн маанилүү багыттарынын бири – эки өлкөнүн транспорттук-транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу болуп саналат, бул Иран порттору аркылуу океанга чыгууга көмөктөшөт.

Өз кезегинде Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф мамлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын президенти Масуд Пезешкиандын саламын айтты.

Ирандын биринчи вице-президенти кыргыз-иран алакаларынын өнүгүү динамикасына оң баасын берип, аларды мындан ары да чыңдоого даярдыгын билдирди.

Соңунда тараптар өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты салттуу жогорку деңгээлде сактап калуу үчүн биргелешкен чараларды көрүү тууралуу макулдашышты.

Связанный пост