Президент: “Чек араны бүгүн чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү келишимге жетиш биз үчүн оор болот”
Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкекте 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланууда.
Жыйын президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.
УКМК төрагасы маалымат берген соң, президент сөз сүйлөп, бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечилбей келген чек ара маселесине чекит кое турчу тарыхый күн экендигин айтты.
“Кемпир-Абаддын астындагы жерибиз кетип жатат” деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым: суу астында жаткан 4 миң 127 гектар жер 1965-жылы эле Өзбекстан менен алмашып кеткен. Ошого карабастан ызы-чуу чыгарып, кокус Кемпир-Абад кургап кетсе суу астында жаткан жер Өзгөндө калсын деп кыйкырып жатасыздар. Биринчиден, суу кургабайт, дагы кылымдар бою суу агат. Суу кургап кетсе жашоо жок, адам баласынын жашоосу токтойт.
Экинчиден, макул, суу түгөнүп, суу сактагыч кургап кетти дейли, ордуна теңме-тең берип, ошол замат алмашып алсак болот. “Айланайын” деп алмашат. Анткени аларга суудан бошогон таш, кум баскан сайдын кереги жок. Ал жерге пахта эге албайсың, же шалы эге албайсың.
Үчүнчүдөн, кыйкыргычтар “бүгүнкү келишимге киргизип, Өзбекстанга башка участоктон жер берип, суунун алдында жаткан жерди алып бергиле” деп жатышат. Эгерде бүгүн силерге чек аралаш жерлерден 4 миң гектар айдоо жерин берели, суу кургап кетсе суунун астындагы жерлер Өзгөнгө калсын десек “айланайын” деп макул болушат. Анткени, алар суу 100-200 жыл, дагы бир нече кылымдар бою жатарын билишет. Ага чейин бул жерди колдоно берели деп дароо макул болушат”, – деди президент.
Садыр Жапаров Өзгөндүн жашоочуларына кайрылып, суу астында жаткан жерди 10 же 100 жылдан кийин да алмашып алса болорун айтты. “Бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алалы. Бир эле Өзгөн менен маселе чечилип жаткан жок. Бүтүндөй Кыргызстан боюнча 1,5 миң километрге жакын чек ара маселесине чекит коюлуп жатат”, – дейт мамлекет башчы.
Президент депутаттарга кайрылып, мамлекеттин тагдырын чечүүчү маселеге келгенде жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.
“Албетте, баарыңарды айткандан алысмын, бирок айрым депутаттар добуш бербейм, өкмөт менин суранычымды аткарбай жатат деп жатышат. Жеке маселебиз менен келсек мейли колдобой эле койгула, бул маселе мамлекеттин түбөлүк бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн кабыл алынып жаткан мамлекеттик маселе. Бул маселеге жеке таарыныч менен мамиле кылган туура эмес, урматтуу депутаттар”, – деп баса белгиледи ал.
Президент чек ара маселесин кийинкиге калтырбоого болбой тургандыгын кошумчалады. “Чек араны бүгүн чечпесек, кийин мындай ийгиликтүү келишимге жетиш биз үчүн өтө оорго турат. Мындай ийгиликтүү жеңишке жете албай да калышыбыз мүмкүн. Күндөн-күнгө, жылдан-жылга кошуна элдердин саны өсүп жатат. Жерлер тарып жатат, кийин чечебиз деп калтырып койсок, ошол мезгилде 19 миң гектар жер эмес, бир сотых жер үчүн кан төгүлөт. Буга чейин деле канчалаган жөнөкөй жарандарыбыз, аскерлерибиз чек ара чырынан курман болушту”, – деди Садыр Жапаров.
Президент эл өкүлдөрүнөн кыргыз-өзбек чек ара маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды. “Эч коркпоңуздар, биз туура жол менен кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз, тескерисинче мурдагылар берип жиберген жерлерибизди кайра кайтарып алып жатабыз. Биз бүгүн эң туура кадам жасап, туура чечим кабыл алып жатабыз. Буга тарых баасын берет. Баардык документтер архивде калат”, – деди президент.