Касымалиев Жергиликтүү жамааттарынын күнү менен куттуктады

 Касымалиев Жергиликтүү жамааттарынын күнү менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү!

Кадырлуу мекендештер!

Сиздерди Жергиликтүү жамааттардын күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү аймактарыбыздын өнүгүшү менен тыгыз байланышкан. Ар бир айылдын, ар бир шаардын келечеги, калктын жашоо сапаты жана коомубуздун ынтымагы жергиликтүү жамааттардын жоопкерчилигине, демилгесине жана биримдигине жараша болот.

Борбор менен жергиликтүү жамааттардын ортосундагы балансты аныктоо татаал маселе болгон жана азыр дагы татаал бойдон кала берүүдө. Маселенин актуалдуулугун эске алуу менен акыркы 5 жылдын ичинде чечкиндүү аракеттер болду. Административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, айыл аймактары ирилештирилип, алардын саны 452ден 230га чейин кыскартылды. Эң негизгиси жергиликтүү жамааттардын каржылык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди. Андан тышкары айрым шаарларга, облустарга  чоң суммадагы каражаттар дагы бөлүнүп берилди.

Жарандардын үнүн угуу, башкача айтканда коомдо жеткиликтүү диалог уюштуруу, коомдук демилгелерди колдоо, чечим кабыл алуу процесстеринин ачыктыгын камсыз кылуу жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасы ишке ашырылууда. Программа жергиликтүү демилгелерди колдоого, айылдар менен шаарлардагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана жарандардын аймактарды өнүктүрүүгө түздөн-түз катышуусун кеңейтүүгө багытталган.

Жергиликтүү жамааттардын экономикалык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзгөн дагы бир маанилүү демилге —Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоор. Бул долбоор Дүйнөлүк банктын 27 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылык колдоосуна ээ болду жана азыркы мезгилде ишке ашырылып жатат.

Жамааттардын демилгесин жалпы элге жана бийликке жеткире турган диалог аянтчасы жылына өткөрүлүп турчу Элдик курултай болуп жатат. Кыргыз Республикасынын «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунда белгиленгендей  «кыргыз элинин мамлекет куруу жана аны башкаруу тажрыйбасы бар эл экендигин көңүл борборунда тутуу» зарыл.  Элибизде курултай сыяктуу демократиялык механизмдер жана салттар дайыма болуп келген жана алар жергиликтүү жамааттардын демилгелерин ишке ашырууга шарт түзүшкөн.

Учурда аймактарды өнүктүрүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Ушул иштин алкагында жылдын аягына чейин, айыл тургундары менен түздөн-түз иш алып барган айыл башчыларынын жоопкерчилигин күчөтүү максатында аларга муниципалдык кызматчы статусу берилет. Учурда алар эмгек келишиминин негизинде иштеп келишет.

Мындан тышкары, айыл өкмөттөрүнүн башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү максатында айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары менен жооптуу катчынын функциялары так ажыратылып, тиешелүү штаттык бирдиктер каралган. Бул башкаруудагы жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө, документ жүгүртүүнүн сапатын жогорулатууга жана жергиликтүү маселелерди ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөт.

Урматтуу мекендештер!

Акыркы жылдагы жергиликтүү деңгээлдеги аткарылып жаткан эгемен тарыхыбызда болуп көрбөгөн иш-аракеттерибиз айылдарда жана шаарларда жашоо шарттарын жакшыртууну, инфраструктураны өнүктүрүүнү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү жана жарандардын өз аймагынын келечегине болгон жоопкерчилигин артырууну максаттайт.

Өз аймактарынын өнүгүшүнө, калктын жашоо шарттарын жакшыртууга жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө ак ниет эмгеги менен салым кошуп келе жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, айыл башчыларына жана бардык демилгелүү жарандарга терең ыраазычылык билдирем.

Сиздердин эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана элге кызмат кылууга болгон умтулууңуздар жергиликтүү жамааттардын өнүгүшүнө, коомдогу ынтымактын бекемделишине жана мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзө берсин.

Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, иштериңиздерге ийгилик жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө багытталган жооптуу ишиңиздерге жаңы жетишкендиктерди каалайм!

Жергиликтүү жамааттардын күнү кут болсун!

Аймактарыбыз ынтымакта өнүгө берсин! Элибизде тынчтык, ар бир
үй-бүлөдө бакубатчылык, кыргыз жери туруктуу өнүгүүнүн жана жаркын келечектин башаты болсун!”.

Связанный пост