Президент бюджеттин чыгашаларын бөлүштүрүү тартибине өзгөртүү киргизди

 Президент бюджеттин чыгашаларын бөлүштүрүү тартибине өзгөртүү киргизди

Президент Садыр Жапаров “КР президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, КР министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, социалдык маанилүү жана мамлекеттик муктаждыктарга каражат бөлүү маселелерин чечүү, улуттук экономиканын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, КР Конституциясынын 70, 71-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” КР мыйзамынын 311 -беренесине ылайык токтом кылынат:

  1. КР президентинин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 282 “Учурдагы бюджеттик жылга республикалык бюджеттин, министрлер кабинетине караштуу Социалдык фондунун жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу тартибин убактылуу укуктук жөнгө салуу жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

– 1-пункт “бюджеттеринин чыгашаларын бөлүү” деген сөздөрдөн кийин “, бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жана улуттук экономика субъекттерине кепилдик берүү” деген сөздөр менен толукталсын;

– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4, 5-пунктчалар менен толукталсын:

– КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жөнүндө;

– КР Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуусуз бюджеттик кредиттерди реструктуризациялоо жөнүндө.”;

– 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

КР министрлер кабинети:

1) 2025-жылдын 30-ноябрына чейинки мөөнөттө 2025-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү кабыл алсын жана Жогорку Кеңештин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде анын бекитүүсүнө киргизсин;

2) жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин профилдик комитетине бул жарлыктын 2-пунктуна ылайык кабыл алынган министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маалымат берсин;

3) бул жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн”.

Связанный пост