Президент Бишкекте генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы УКМК Академиясын ачты

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.Бакаев атындагы Академиясынын ачылыш аземине катышты.

 

Мамлекет башчысы катышуучуларды Академиянын ачылышы менен куттуктап, дүйнөдөгү жана чөлкөмдөгү саясий кырдаал Улуттук коопсуздук органдарынан алдыга коюлган тапшырмаларды так аткаруусу үчүн тиешелүү иш-аракеттерди талап кылып жатканына көңүл бурдурду. Ал ыкчам кызматкерлердин күжүрмөн кесиптик даярдыгынын, талдап-ой жүгүртүүсүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Кесиптик кайра даярдоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу институтунун базасында Академия түзүү боюнча Президенттин Жарлыгы чыккан.

 

“Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар адистештирилген жогорку аскердик окуу жайы болмокчу. Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат”, – деди Садыр Жапаров.

 

Ал ушул убакка чейин өлкөбүздүн улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келишкенин эске салды. Эми бул багыттагы адистер өзүбүздүн Академиядан даярдалып чыгарылат.

 

Мамлекет башчысы бул Академия улуттук коопсуздук органдарына, анын ичинде улуттук коопсуздук органдарынын ведомстволук бөлүкчөлөрүнө, ошондой эле Коргоо министрлигинин тиешелүү бөлүкчөлөрүнө кадрларды даярдай турганын сыймыктануу менен белгиледи. Анда Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, жетекчилик курамды окутуп чыгаруу, ошону менен бирге улуттук коопсуздукту камсыздоонун актуалдуу маселелерине илимий жактан изилдөөлөрдү жүргүзүү менен улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштери жүргүзүлөт.

 

Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Мында аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

 

Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу ар кандай кырдаалдарда сабаттуу чечим кабыл алууга, ишенимдүү иш алып барууга жол ача турган теориялык, укуктук билимдерин жаңыртат, практикалык көндүмдөргө көнүктүрөт деп ишеним билдирди. Ал бул Академия улуттук коопсуздук органдарынын илимий, укуктук, кесипкөйлүк муктаждыктарын канааттандырган институтка айланарын жана мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө маанилүү кадам болуп каларын айтты.

 

Мамлекет башчысы ачылыш аземинен кийин Академиянын инфратүзүмү менен таанышып, болочок адистердин окуулары жана машыгуулары өтүүчү заманбап окуу жана аскердик корпустарды кыдырды. Ал ошондой эле музей, спорттук зал жана курсанттардын ыңгайлуу жашоосун камсыздаган жатакананы көрүп чыкты. Кыдыруу учурунда Президент улуттук коопсуздук кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгын жакшыртуу жана саламаттыгын бекемдөө үчүн жасалган стадиондо жана жабык бассейнде да болду.

 

Президент Садыр Жапаров келечектеги кызматкерлерди тандоо кесипкөйлүккө, компетенттүүлүккө жана кызматка берилгендигине көңүл буруу менен кылдат жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Ал өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткара ала турган мыкты талапкерлерди тандоо маанилүү экенин баса көрсөттү.

Связанный пост