Президент бир катар акимдерди кызматтан бошотту

 Президент бир катар акимдерди кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров 7 райондун акимдерин кызматтан бошотту.

Президенттин чечимине ылайык, төмөнкүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

– Ош облусунун Ноокат районунун акими Субагожоев Жакыпбек Мойдунович;

– Баткен облусунун Баткен районунун акими Жоробаев Учкунбек Имамалиевич;

– Базар-Коргон районунун акими Карагулов Мирлан Кынатбекович;

– Ак-Суу районунун акими Насиров Мунарбек Жумабаевич;

– Араван акими Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович;

– Талас облусунун Манас районунун акими Жээнбеков Досмамбет Аматович;

– Талас районунун акими Нармырзаев Нургазы Жакыпович.

Эске салсак, бүгүн 21-февралда “Ынтымак-Ордодо” өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынып, аталган райондордун жетекчилерин кызматтан алуу сунушу президенттин кароосуна киргизилген.

Связанный пост