Президент бир катар өлкөлөрдүн элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алды.
Ишеним грамоталарын Словения Республикасынын Элчиси Аленка Сухадольник, Италия Республикасынын Элчиси Антонелло Де Риу, Экваториалдык Гвинея Республикасынын Элчиси Лусиано Нкого Ндонг Айекаба, Бельгия Королдугунун Элчиси Эрик Де Майер жана Гватемала Республикасынын Элчиси Эдуардо Энрика Эрнандес Ресинос тапшырды.
Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардактуу кароол тосуп алуусу менен башталып, андан соң элчилер Президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө элчилерди республикадагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, эгемендүүлүккө жеткенден тартып, Кыргызстан дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды туруктуу өнүктүрүп келе жатканын өзгөчө белгиледи.
“Өлкөбүз үчүн өзгөчө маанилүү тарыхый доордо жаңы дипломатиялык миссияңыздар башталып жатат. Учурда Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш байкалууда. Энергетика, курулуш, финансы, туризм жана башка маанилүү тармактарда ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Сиздердин мамлекеттерди Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана алакаларды бекемдөө максатында бул долбоорлорго жигердүү катышууга чакырам”, – деди Садыр Жапаров.
Президент ушул жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрүн эске салды. Бул чечим өлкөдөгү туруктуулукту жана демократиялык принциптерди бекемдөөгө максатталган.
“Шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо үчүн эл аралык байкоочуларды, анын ичинде Сиздердин өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да катышууга чакырып кетмекчимин”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы жана дипломатиялык миссиялардын башчылары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди бекемдөөгө чоң салымын кошот деп ишеним артты.