Президент БА мамлекет башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбеге иш сапар менен барат

 Президент БА мамлекет башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбеге иш сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө”,- деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Связанный пост