Президент: “Асман” шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок

““Асман” шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар”, – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи.

 

Мамлекет башчысы көл жээгине заманбап шаар салуу аракетиндеги дымактуу планыбызды учурунда сындагандар, ага ишенбегендер да болгонун баса белгиледи.

 

“Дүйнөдө болуп жаткан жетишкендиктерден жакшы кабардар болгондор тээ алысты ойлоп, демилгени колдоп-коштоп, мындай ири долбоорлорго коркпой киришүүгө салым кошушту. Коомчулуктун бир бөлүгү мамлекетибиздин чама-чаркына карап, “акылдуу шаар” курууга чоң акча керек, анча каражат кайдан табылмак эле” деп, буга чейинкидей эле кедейчилик синдромунан чыга албай, долбоордун ишке ашпастыгын айтып, “бийликтегилер куру кыял кылып жатышат” деген шашылыш бүтүм чыгара салышты. Айтор, элибиздин пикири экиге бөлүнүп, кызуу талкуу жаралып келди. Муну биз ачык-айкын талкуу жүргүзө алган кыргыз коомчулугунун артыкчылыгы катары дагы бааласак болот.

 

Бул арада, тагыраак айтканда, 1,5 жылдан бери акылдуу шаардын бир нече долбоору даярдалды.

 

Асман” шаарынын долбооруна жана анын курулушунун башталышына өлкө казынасынан бир дагы тыйын кеткен жок. Себеби, мындай ири долбоорду ишке ашырууга катышууга кызыккан сырткы инвесторлор бар.

 

Бүгүн биз конкреттүү инвесторлор менен “Асман” экологиялык шаарын курууга капсула салууга изги ой-тилек, жакшы максаттарды коюп, ири долбоорду “быссымылда” деп баштап жатабыз”, – деп, Садыр Жапаров бүгүнкү күндө ишке ашырылган жана ийгиликтүү өнүгүп келе жаткан долбоорлордун бир катарын белгиледи.

 

Тагыраагы, Мамлекет башчысы Арабияда Неом, Эмираттарда Маздар Сити, Швецияда Вестерн Харбор, Кытайда Күнөстүү өрөөн сындуу өнүгүүгө багытталган долбоорлорду атады.

 

“Аталган өлкөлөрдүн ой-кыялдары реалдуулукка айланып, дүйнө элин суктандырып, башкаларга үлгү боло алды. Демек, биз дагы “Асман” шаарын кура алабыз! Башкалардан эмнебиз кем?” – деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост