Президент: «Асман» шаарынын долбооруна акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам

 Президент: «Асман» шаарынын долбооруна акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам

“Долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик бере алам”, – – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, бүгүн, 30-июнда, Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаарынын курулушунун башталышына мезгил кутусун салуу аземинде сүйлөп жатып, белгиледи.

 

Мамлекет башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө кайрылып, шаар курууга каралган жерден инвесторлорго чоң-чоң жер тилкелери бөлүнөт, аларга мамлекет тарабынан 100 пайыз кепилдик бериле турганын баса белгиледи.

 

““Асман” акылдуу шаарын курууга катышам деген башка дагы инвесторлор болсо, азыр дагы кучак жайып тосуп алууга даярбыз. Келгиле, биздин уникалдуу долбоорубузга катышкыла, кыялыбызды ишке ашырып, акылдуу шаар куралы.

Акылдуу шаарыбыз эл жашаган конуш-жай же жумуш орундары эле эмес, инновациянын, экологиялык туруктуулуктун жана социалдык өнүгүүнүн символу болсун. Башкаларга мындай жаратман иштер боюнча үлгү бололу.

 

Мамлекеттин берген кепилдиги менен эч тынчсызданбай, бир гана ушул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга максат коюп, курулуш иштерин ыкчам баштай берсеңиздер болот. Учурдагы бийлик сиздердин ишиңиздерге эч кимди кийлигиштирбейбиз жана мамлекеттин кепилдигин толук камсыздайбыз”, – деп Садыр Жапаров ишендирип өттү.

 

Президент мамлекеттик органдар болобу, күч түзүмдөрүнөн болобу же деструктивдүү элементтерден болобу, келип, болбогон шылтоо таап опузалап, кандайдыр бир иштерине тоскоолдук кылып, акча талап кылууларына жол берилбейт, деп белгиледи.

 

“Ошол эле маалда жергиликтүү бийликтен же жергиликтүү элдин атынан бирөө-жарым келип, мыйзамсыз иш-аракеттер менен тоскоолдук кылбайт деп убада беребиз. Кимде ким тоскоолдуктарды кылса, аны менен жеке өзүм эсептешем. Кокус биздин инвесторлорго карата андай чекилик иштердин чети эле билинсе, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар катуу жазаланат.

 

Биз эки жарым жыл ичинде ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан инвесторлорго мамлекеттик кызматкерлер тараптан сый мамиле кылууну жолго коё алдык. Инвесторлор үчүн ар кандай жеңилдиктер, уруксат берүүчү документтерди алууга ийкемдүү жана пайдалуу шарттарды түзүп беребиз”, – деп кошумчалады Президент.

 

Башка региондорго үлгү боло турган, келечекте таза табиятын сактоого салым кошуучу экологиялык шаар курууга умтулуп жатканыбызды Президент өзгөчө белгилеп кетти. Ошону менен катар бийликтин эл аралык каржы институттары жана “Асман” шаарын өнүктүрүүнү колдой турган башка уюмдар менен кызматташууга ниети бар.

 

“Мындан улам, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн алкагында гранттарды жана башка каржылык механизмдерди пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн ачык экенибизди айта кетейин. Сиздерди өнөктөш болууга жана долбоорубузга өз тажрыйбаңарды, ресурстарыңарды жана технологияңарды кошууга чакырабыз”, – деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост