Президент Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-сентябрда Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонянды өлкөгө болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алды.

Тараптар парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселесин талкуулап, эки тараптуу мамилелерди чыңдоо үчүн парламенттик диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мамлекет башчысы Ален Симонянды жана Армениянын Улуттук Жыйынынын мүчөлөрүн тосуп алып, Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы достукка, өз ара сый-урматка жана ишенимге негизделген көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүшүн жогору баалай турганын белгиледи.

Президент бир жагынан парламентаризм институттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, экинчи жагынан эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын парламенттик коштоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өлкөлөр ортосундагы достук депутаттык топторунун ишин активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Мамлекет башчысы мындай кадамдар мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашууга жана жалпысынан ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирди.

Буга байланыштуу ал эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы байланыштар, ошондой эле мыйзам чыгаруу чөйрөсүндөгү тажрыйба алмашуу ырааттуу түрдө кеңейтилет деген үмүтүн айтты.

Өз кезегинде Армениянын Улуттук жыйынынын төрагасы Ален Симонян Армения менен Кыргызстандын эл аралык мамилелери туруктуу жана конструктивдүү мүнөзгө ээ экенин, өз ара сый-урматка жана диалогдордун ачыктыгына негизделгенин белгиледи.

Мындан тышкары, ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, анын ичинде инновациялар жана технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүүдө, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөдө өз ара аракеттенүүдө олуттуу потенциалы бар экенин баса белгиледи.

Связанный пост