Президент: Алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт
Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу ага өтүнүч менен кайрылган алкоголдук продукцияларды импорттоочулар менен өндүрүүчүлөргө жооп берди.
Президенттин айтымында, импортерлор менен өндүрүүчүлөр алкоголдук продукцияларга акциздерди кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга узартуу өтүнүчү менен өлкө башчысына жана Салык кызматына кайрылышкан.
“Алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбайт. Бул мүмкүн эмес. Анткени, менин тапшырмам менен тийиштүү мамлекеттик кызматкерлер эки жылдан бери акциздик маркаларга байланыштуу ар кыл көмүскө схемаларды жоюунун үстүндө иш алып барышты. Азыр “Учкун” басмаканасы жогорку деңгээлдеги коргоо элементтери менен акциздерди басып чыгарууда.
Эмне үчүн мамлекет акциздерди өзү чыгарып баштады?
Анткени, буга чейин акциздер чет мамлекеттерден алынып келип, биринчиден, жасалмалоого оңой болсо, экинчиден, Салык кызматындагы коррупцияга кынык алган айрым кызматкерлерге акциздерди чаптабай туруп, өзүлөрүнө алкоголдук продукциянын керектүү санын көрсөтүүгө ыңгайлуу болуп келген.
Башкача айтканда, жасалма же контрабанда жолу менен кирген продукциялар сатыкка чыгып келген. Натыйжада миллиарддаган каражаттар казынага түшпөй калып жаткан.
Кечээки Салык кызматынын айрым кызматкерлеринин укук коргоо органдары тарабынан кармалып жатышынын бир себеби дагы дал ушуга окшогон схемаларга байланыштуу болуп жатат”, – деп жазды Жапаров.
Ошондой эле өлкө башчысы ишкерлердин тынчсыздануусун дагы түшүнүп жатканын айтты. Ооба, алар буга чейинки чыгарылган продукцияларына акциздик маркаларды чаптап коюшкан. Аларды кошумча чыгымга кептебеш үчүн ошол эле продукциялардагы эски акциздин үстүнө “Учкундан” чыгарылган акциздер мамлекет тараптан акысыз чапталып берилет. Эски продукцияларга акциз чаптоодо бизнесмендердин чөнтөктөрүнөн бир тыйын кетпейт.
“Муну бүгүн тыйбай, дагы алты айга уруксат берсек, алты айда алты миллиард акча каражаты мамлекетке түшпөй калат. Бул каражаттар кайра эле айрым салыкчылар менен айрым ак ниет иштегиси келбеген алкоголдук продукцияны импорттоочулар менен өндүрүүчүлөрдүн чөнтөгүнө гана түшөт.
Андай болбойт!
Ал эми жаңы чыгарылган продукцияларга болсо жалаң жаңы акциздер чапталмакчы.
Мындан ары өлкөдө бир гана “Учкундан” басылып чыккан акциздер болот”, – деп жыйынтыктады президент.