Президент айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди

 Президент айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар, саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөлөрүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

 

Мыйзамдын максаты республиканын калкына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдерин реформалоо болуп саналат.

 

Мыйзам саламаттык сактоо системасын каржылоо принциптерин өркүндөтүү жана калкты милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү үчүн аймактык деңгээлде башкарууну күчөтүүнү карайт.

 

Ошондой эле, Мыйзамда республикалык бюджеттин каражаттарын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууну камсыз кылуу жана калк үчүн медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо системасын каржылоо механизмдери өзгөртүлүүдө.

 

Мыйзам 2024-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди.

Связанный пост