Президент адамдардын өлүмү менен коштолгон кырсыктарга байланыштуу көңүл айтты

 Президент адамдардын өлүмү менен коштолгон кырсыктарга байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Ош шаарындагы өрттөн алты мекендешибиз – эне жана анын беш баласы каза болгону, ошондой эле Новопокровка айылындагы заводдо цемент ташуучу цистерна жарылып, эки жумушчунун өмүрү кыйылганы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Сиздердин аза-кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Жараткан силерге сабырдуулук жана бул оор жоготууларды көтөрүүгө күч-кубат берсин, ал эми маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун.

Мамлекеттик органдар каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүшөт”,- деди өлкө башчысы көңүл айтуусунда.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров ӨКМге жана тиешелүү министрликтерге өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

“Суук түшүшү менен жеке турак жайларда, ошондой эле өндүрүштүк объектилерде электр энергиясын жана жылытуучу шаймандарды колдонууда өрт жана өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу жогорулайт.

Калк арасында сактык чаралары боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу зарыл”, – деп белгиледи мамлекет башчысы.

Связанный пост