Президент: 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз
“2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Көл” ГЭСин ачып жатып.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Кара-Көл шаарынын урматтуу тургундары жана кадырлуу меймандары!
Энергетика тармагынын ардактуу ардагерлери!
Бүгүн биз мамлекетибиздин энергетика тармагына салым кошо турган жакшы саамалыкта – “Кара-Көл” ГЭСин расмий түрдө ишке киргизүү аземинде турабыз.
Бул салтанаттуу иш-чара — Кыргызстандын энергетика тармагынын тарыхындагы олуттуу окуялардын бири. Мына ошондуктан өнүгүү жолундагы дагы бир ишенимдүү кадамыбыз менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
“Кара-Көл” ГЭСинин курулушу — өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, аймакка туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле улуттук экономикабызды чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагындагы чоң жетишкендиктердин бири болуп эсептелет.
Эсиңиздерде болсо, 2023-жылы Энергетика министрлигибиз инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны Министрлер Кабинети жактырып, бекитип берген эле. Анын алкагында ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган.
Бүгүн биз кыска убакыттын ичинде бул ГЭСтин ийгиликтүү аяктагандыгына күбө болуп турабыз. Макулдашууга ылайык, “Кара-Көл” ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. Натыйжада курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүткөрүлүп, бизди кубантып жатышат.
Албетте, бул – биздин адистердин, куруучулардын жана демилгечи тараптардын кесипкөйлүгүнүн, ынтымактуу аракетинин үзүрү экенин баса белгилейм.
Курулуш иштерин толугу менен ата мекендик компания жүргүзүп, улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Биздин адистерибиздин олуттуу тажрыйба топтоп, энергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрлар катары калыптанып жатышы — маанилүү жетишкендик десем болот. Бул дагы – биз үчүн чоң сыймык. Мындан улам, долбоорду ишке ашырууга өз салымын кошкон бардык адистерге, куруучуларга, инженерлерге ыраазычылык билдирем.
Ардактуу замандаштар!
“Кара-Көл” шаары жөн жерден “энергетиктердин шаары” деп аталбайт. Бул жерде биздин өлкөнүн эң ири “Токтогул” ГЭСи башталып, андан ылдый “Күрп-Сай”, “Таш-Көмүр” жана башка ГЭСтер каскады созулуп жатат. Эми мына ошол энергетикалык салт уланып, шаар четинде дагы бир жаңы ГЭС өз ишин баштоодо.
“Кара-Көл” ГЭСи бул аймакты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого, электр энергиясына болгон тартыштыгын кыскартууга, жумуш орундарын түзүп, бюджетке жыл сайын салык каражатын түшүрүү менен каржылык туруктуулугун чыңдоого өз салымын кошот.
Эң башкысы, бул ГЭСтин курулушу менен аймактагы энергетикалык коопсуздук бекемделе баштады дегенди билдирет. Бүгүн ишке кирип жаткан “Кара-Көл” ГЭСи – бул таза, экологиялык жактан коопсуз энергия өндүрүүчү заманбап объект.
Кара-Суу дарыясына курулган бул ГЭС заманбап технологиялык талаптарга жооп берген гидроэнергетикалык жабдуулар менен жабдылды.
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул кылым курулушун – улуттук масштабдагы долбоорду ишке ашырууда эл аралык каржы уюмдары биз менен кызматташууга даяр.
Учурда биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
Азыр даярдык иштери: жолдорду куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатат.
Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт.
Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз.
Мындан сырткары азыр ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭСтер жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп ишке берилсе, биз кышкысын импорт албай, өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө толук жетип калат.
Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз. Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет.
Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз.
Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала-бакчалар жана башка көптөгөн обьектилер салынып, алар да көп кубаттагы электр энергияны колдонгонуна байланыштуу электр энергиясынын дефицитин кууп жете албай жатабыз.
Жогоруда айтып өткөнүмдөй, Кудай буюрса 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу.
Акыркы жылдары “жашыл энергетиканы” өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканыбызды жакшы билесиздер. Бул багытта инвесторлор үчүн бардык шарттар: туруктуу саясат, ачык-айкын жана адилеттүү чөйрө, өз ара ишенимге негизделген мамиле жолго коюлган. Буга айкын мисал катары бүгүн ачылып жаткан “Кара-Көл” ГЭСин алсак болот.
Долбоор, жогоруда белгиленгендей, толугу менен ата мекендик инвестор – “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан ишке ашырылды.
Макулдашууга ылайык, бул ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң мамлекеттин менчигине, башкача айтканда, 100 пайыз мамлекетке өткөрүп берет. Мамлекеттик саясат ушундай. Бул – мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктүн айкын үлгүсү.
Кыргызстанда энергетика – бул артыкчылык берилген келечектүү тармак болуп эсептелет. Биздин адистер тажрыйба топтоп курган ар бир чакан ГЭС менен өлкөбүздүн кубаттуулугун барган сайын арттырууда.
Учурдан пайдаланып, бүгүн бардык ата мекендик ишкерлерге жана инвесторлорго кайрылып кетейин.
Мамлекет ар бир инвесторго ишенимдүү өнөктөш болуп, жоопкерчиликтүү колдоо көрсөтүүгө даяр.
Келгиле, бирге иштеп, өлкөбүздү энергетика жаатында күчтүү жана туруктуу мамлекетке айланталы!
Урматтуу мекендештер!
Биз “Кара-Көл” ГЭСинин мисалында өлкөбүздүн кандай зор жаратылыш ресурстарына ээ экенин дагы бир жолу далилдей алдык.
Мурда “Колдо бар алтындын баркы жок” деген накыл кептегидей, толук кандуу колдонулбай келген мүмкүнчүлүктөр, тагыраак айтканда, тоо аралап агып жаткан сууларыбыз, дарыяларыбыз эми натыйжалуу пайдаланылып, мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштей баштады.
Мына ошондуктан бүгүнкү иш-чараны энергетикалык көз карандысыздыкка карай ташталган ишенимдүү кадам деcек туура болот.
Кыргызстандын ар бир ГЭСи – бул эл-журтубуздун ырыс-куту, биримдиги жана келечек муундарга калтырган байлыгы.
Биздин максат – элибизге туруктуу энергия, мамлекетибизге күч-кубат, жаштарга ишенимдүү келечек тартуулоо.
Кара-Суу дарыясына салынган бул ГЭС көп жылдар бою аймактагы эл-журтубузга кызмат кылып, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошоруна бекем ишенем.
“Кара-Көл” ГЭСинин иши илгери болсун!”.