Президент: 2021-жылдан бери өлкө боюнча 9 250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду

 Президент: 2021-жылдан бери өлкө боюнча 9 250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду

“Өлкөбүздүн бардык аймактарын бирдей өнүктүрүү боюнча жасап жаткан иштерибиз ар бир жарандын жашоосуна түздөн-түз таасир этүүдө”, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултайда сүйлөп жатып.

Ал 2025-жылы жарандарыбызды батир менен камсыз кылуу боюнча тарыхый жыйынтыктар жетишилгенин билдирди. Мамлекеттик ипотекалык компания 4 600дөн ашык үй-бүлөгө батир берди. Бул акыркы төрт жылдагы жалпы берилген турак жайлардын жарымын түзөт. 2021-жылдан бери өлкө боюнча 9 250 үй-бүлө өз үйлөрүнө ээ болду.

““Менин үйүм” мамлекеттик программасы чыныгы элдик долбоорго айланды десек болот”, – деп белгиледи Мамлекет башчысы.

2025-жылы турак жай курулушун каржылоо көлөмү 40 миллиард сомдон ашты, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу бир нече эсеге көп дегендик.

Садыр Жапаров учурда республиканын бардык аймактарында жалпысынан 70 миңге жакын батир курулуп жатканын белгиледи. Негизги жүк Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келгени менен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Нарын облустарына да татыктуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлүүдө.

«Кыргызстан ар бир адамдын эмгеги татыктуу жашоо менен бааланган өлкө болушу керек», — деп баса белгиледи Президент. Ал мамлекет ресурстарды бөлүштүрүп гана тим болбостон, баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзгөн, ар бир үй-бүлөгө, өлкөнүн алыскы аймактарына да колу жетип турган камкор өлкө болууга тийиш экенин кошумчалады.

Связанный пост