Президент №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды

Президент Жапаров бүгүн, 13-сентябрда, Бишкекке жакын жайгашкан №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды.

Мамлекет башчысы аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты.

Аскер бөлүгүнүн аймагындагы совет мезгилинде курулган имараттардын көбү бүгүнкү күндө бир топ эскирген.

Мамлекет башчысы кызмат өтөө шарттары менен таанышкан соң, жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын куруп баштоону, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Ошону менен бирге Президент Жапаров бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү.

Связанный пост