Пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү каражатты турак-жай сатып алууда колдонууга мүмкүнчүлүк берилет

 Пенсиянын топтомо бөлүгүндөгү каражатты турак-жай сатып алууда колдонууга мүмкүнчүлүк берилет
Жогорку Кеңеш мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды.
Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бактыбек Чойбеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Мыйзам долбоору Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле 2% өлчөмүндөгү топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарын пайдалануу менен курулуш субъекттеринен жеке турак жай сатып алууну каалаган бардык жарандарга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Жарандарга топтолмо пенсиялык фонддогу каражаттарын кайсы курулуш субъектисинен болбосун (куруучудан, курулуш компаниясынан) турак жай сатып алууда баштапкы төлөм катары пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.

Связанный пост