Пенсиялык топтоо каражаттарын алуучуларга 4 584,5 млн сом төлөнүп берилди

Өлкөдө 1-январга карата пенсиялык топтоо каражаттарын алуучуларга 4 584,5 млн сом суммасында акча каражаты төлөнүп берилди.
Социалдык фонддун маалыматы боюнча, пенсиялык топтоо каражаттарын алуучулардын жалпы саны 211 миң 049 адамды түзөт.
Төлөнгөн акча каражаттарын кимдер алды?
- Пенсионерлерге төлөө – 187 256 адамга 2 525,5 млн сом;
- Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашаган 4 148 адамга – 215,7 млн сом;
- Мураскорлорго төлөө – 11039 адам үчүн 301,7 млн сом;
- Аскер кызматчылары – 927 адамга 9,4 млн сом;
- Ипотеканы төлөгөн 6969 адамга – 1 438,5 млн сом;
- Жумушсуз 255 адамга – 4,5 млн сом;