Пенсиялык топтомону ипотекага жана дарыланууга эми бир нече жолу колдонсо болот

 Пенсиялык топтомону ипотекага жана дарыланууга эми бир нече жолу колдонсо болот

Кыргызстанда пенсиянын топтомо бөлүгүн пайдалануу тартиби жеңилдетилди.

Социалдык фонддон билдиришкендей, эми пенсиялык топтомо каражаттарын ипотекага жана оор ооруларды дарылоого бир нече жолу колдонууга болот.

  • Үлүштүк курулушта каражатты жубайлар да пайдалана алышат (расмий никеде);
  • Шарт: сумма 50 000 сомдон жогору болушу керек;
  • Айрым документтер “Түндүк” аркылуу автоматтык алынат.

Связанный пост