Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 211 миңден ашуун адам
Топтомо пенсияны алуунун жолдору.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоо каражаттарын төмөнкүдөй учурларда пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар:
1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:
• Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алган жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.
2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:
• Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.
3. Мураскорлор:
• Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.
4. Аскер кызматкерлерине төлөө:
• Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.
5. Ипотекалык насыялоо:
• Ипотекалык насыя алып жаткан же алган адамдар, алардын жубайлары жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөр, пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.
6. Жумушсуздук:
• Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.
7. Оор ооруларды дарылоо:
• Оор дартка кабылган жарандар жана алардын үй-бүлөлөрү дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат. (оор оорулардын тизмесине ылайык шилтеме: https://sf.gov.kg/pensiyalyk-toptoo-karazhattaryn-m%d3…/ ).
01.01.2025-жылга карата статистика:
Пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 211 049 адам (4 584,5 млн. сом суммасында), анын ичинде:
– Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөө – 187 256 адам (2 525,5 млн. сом);
– Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге төлөө – 4148 адам (215,7 млн. сом);
– Каза болгон адамдардын мураскорлоруна төлөө – 11 039 адам (301,7 млн. сом);
– Аскер кызматчыларына төлөө – 927 адам (9,4 млн.сом);
– Ипотекалык кредит алып жаткандарга – 369 адам (77,9 млн.сом);
– Ипотекалык кредит алгандарга – 6 215 адам (1304,2 млн.сом);
– Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө (“МИК” ААК каржылайт) – 131 адам (21,4 млн. сом);
– Банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 185 адам (34,0 млн. сом);
– Расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга төлөө – 255 адам (4,5 млн.сом.);
– Оор оорулары бар адамдарга төлөө – 524 адам (90,2 млн. сом).
Биз ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулабыз.